116-берене. АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, байланышта болгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 8-глава
1. АИВ-инфекциясын жуктурган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана ырасталбаган диагнозу бар АИВ-инфекциясын жуктурган энелерден төрөлгөн балдар Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык саламаттык сактоо уюмдарында динамикалык байкоого алынууга жана дары каражаттары менен акысыз жана жеңилдетилген шарттарда камсыз кылынууга тийиш.
2. АИВ-инфекциясын жуктурган адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө жана эркиндиги чектелген, соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан жарандыгы жок адамдарга, кармалган, камакка алынган жана атайын мекемелерге жайгаштырылган адамдарга медициналык жардам ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети бекиткен тартипте түзүлгөн келишимдердин негизинде акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында көрсөтүлөт.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
116-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-116" title="116-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>