115-берене. Инфекциялык оорудан жабыр тарткан адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 8-глава
1. Инфекциялык оорулууларга (чоңдорго жана балдарга) медициналык жардам көрсөтүү клиникалык протоколдордун негизинде медициналык жардамдын түрлөрү жана формалары боюнча медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибине ылайык уюштурулат.
2. Медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби айрым оорулар же абалдар (оорулардын же абалдардын топтору) боюнча иштелип чыгат.
3. Клиникалык протоколдор медициналык кесиптик коммерциялык эмес уюмдар тарабынан айрым оорулар же абалдар (оорулардын же абалдардын топтору) боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасында каралган медициналык кызматтарды көрсөтүү менен иштелип чыгат.
4. Ар бир оору, абал (оорулардын, абалдардын топтору) боюнча чоңдор жана балдар үчүн тиешелүү түрдө бирден көп эмес клиникалык протокол жактырылышы жана бекитилиши мүмкүн, ал үч жылда бирден кем эмес жолу кайра каралат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
115-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>