Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Саламаттык сактоо уюмдары
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн типтери, деңгээлдери жана түрлөрү боюнча классификацияланат.
2. Саламаттык сактоо уюмдарын тиби боюнча классификациялоо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына негизделген.
3. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүдөй түрлөргө ажыратылат:
1) Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик уюмдар;
2) башка мамлекеттик башкаруу органдары жана ведомстволор тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;
4) жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары.
4. Саламаттык сактоо уюмдарын деңгээли жана түрү (негизги жана кошумча) боюнча классификациялоо алардын ишинин багыттарына негизделген. Саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруучулук-укуктук формасы, деңгээлдери жана түрлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана уюмдаштыруу документтеринде чагылдырылат.
5. Саламаттык сактоо уюмдарынын типтүү уставдары (жоболору) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
6. Саламаттык сактоо уюмдары бири-бири менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик мамилелерди түзүшөт.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин 2026-жылдын 23-февралындагы № 208 буйругуна)Положение · 23.02.2026 · № 208
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө жобону…Приказ · 23.02.2026 · № 208
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б "Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык…Распоряжение · 17.01.2017 · № 10-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>