Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2025 года № 238 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 17-январы № 10-б Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясын кеңейтүү жана жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. ''Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоор 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарында (мындан ары - пилоттук саламаттык сактоо уюмдары) 1-тиркемеге ылайык ишке ашырылсын.
2. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн убактылуу тартибин иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында долбоорду ишке ашырууга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышсын;
- пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында жаңы эрежелерди жана иштин методдорун апробациялоонун жыйынтыктарына талдоо жүргүзүшсүн;
- "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча отчетту 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бекитилген бюджеттин чегинде пилоттук саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде анын ишке ашырылышына ар тараптан колдоо көрсөтсүн.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
1-тиркеме "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбооруна катышкан Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын ТИЗМЕСИ Тоң районунун аймактык ооруканасы; Түп районунун аймактык ооруканасы; Жети-Өгүз районунун Жалпы дарыгердик практика борбору; Тоң районунун Үй-бүлөлүк медицина борбору; Түп районунун Үй-бүлөлүк медицина борбору; Юридикалык жак статусу бар:
- Тоң районундагы "Кара-Талаа";
- Түп районундагы "Сары-Кол";
- Жети-Өгүз районундагы "Жети-Өгүз";
- Жети-Өгүз районундагы "Тамга";
- Жети-Өгүз районундагы "Балтабай" үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 601 "Ысык-Көл облусунун пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 25.09.2017 · № 601
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451 токтомуПостановление · 28.09.2018 · № 451
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо…Постановление · 28.09.2018 · № 451 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 116 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон