107-берене. Хирургиялык стерилдештирүү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
1. Медициналык стерилдештирүү адамдын тукумду арбытып көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында медициналык кийлигишүү катары же контрацепция методу катары саламаттык сактоо уюмдарында ушул операциянын кайра артка ордуна келбестиги жөнүндө милдеттүү түрдө алдын ала билдирүү менен гана, жашы жеткен аракетке жөндөмдүү жарандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүргүзүлөт.
2. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жашы жеткен адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча, эгерде мындай адам өзүнүн абалы боюнча өз эркин билдирүүгө жөндөмсүз болсо, медициналык стерилдештирүү мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жашы жеткен адамдын катышуусунда кабыл алынган соттун чечими боюнча мүмкүн болот.
3. Хирургиялык стерилдештирүүнү жүргүзүү шарттары жана тартиби, ошондой эле стерилдештирүүнү жүргүзүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн жана каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
107-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-107" title="107-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>