106-берене. Кош бойлуулукту токтотуу методдору
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
1. Кош бойлуулукту токтотуу аялдын эркин репродуктивдик тандоосуна укуктарын ишке ашыруу болуп саналат, ал анын макулдугунун негизинде саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызматтарды көрсөтүү аркылуу камсыздалат.
2. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу операциясы (аборт) окуудан өткөн жана сертификатталган медициналык адис тарабынан аялга алдын ала консультация жана маалымат берүү менен коопсуз технологияларды колдонуу аркылуу төмөнкүдөй жайларда жүргүзүлөт:
1) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында 12 жумага чейин;
2) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында 22 жумага чейин.
3. 16 жашка чыга элек адамдардын кош бойлуулугун жасалма түрдө токтотуу алардын макулдугу, алардын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт. Мыйзамдуу өкүлдөрү жок болгон учурда же бирдиктүү макулдашууга келишпесе, кош бойлуулукту жасалма түрдө токтотуу жөнүндө чечимди консилиум, ал эми консилиумду чогултуу мүмкүн болбосо - түздөн-түз дарылоочу (дежур) врач жашы жете элек адамдын мыкты кызыкчылыктарынын негизинде андан ары саламаттык сактоо уюмунун кызмат адамдарына жана мыйзамдуу өкүлдөргө билдирүү менен кабыл алат.
4. Кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
106-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-106" title="106-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>