Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2024-жылдын 22-январы № 1-Б Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Төмөнкүлөр:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы №6-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Финансы министри
А.К.Бакетаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы № 2-Б…Положение · 11.07.2023 · № 2-П
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 613-т (Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары тарабынан адистештирилген техника сатып алуу…Распоряжение · 07.10.2024 · № 613-р
- Барскоон жергиликтүү кенешинин XXVIII чакырылышындагы 2 кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 13 " Жараксыз абалдагы колдонулбай турган автоунаалар жѳнүндѳ" токтомуПостановление · 18.04.2024 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз…Постановление · 07.10.2024 · № 600
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 19/IV "Аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2024 · № 19/IV
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2026-жылдын 3-июлу № 2 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу…Приказ · 03.07.2026 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2026-жылдын 20-майындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу…Приказ · 20.05.2026 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 28.07.2025 · № 46
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 10-июнундагы № 4-Б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу…Приказ · 10.06.2024 · № 4-П
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылдын 11-июлу № 2-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону…Приказ · 11.07.2023 · № 2-П · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу…Приказ · 05.10.2023 · № 6-П · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылдын 11-июлу № 2-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону…Приказ · 11.07.2023 · № 2-П · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу…Приказ · 05.10.2023 · № 6-П · Күчүн жоготкон