Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерство финансов КР от 22 января 2024 года № 1-П "Об утверждении Положения по организации и ведению бухгалтерского учета организациями сектора государственного управления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-22.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 5-октябры № 6-Б Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 25-июлундагы №2-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жободо: 312-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “312. Контрактты (келишимди) түзүүдө:
- жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө авансалык төлөмдөрдүн өлчөмү контракттын (келишимдин) суммасынан 10 пайызга чейин белгиленет;
- товарларды берүүгө, чийки заттарды жана материалдарды сатып алууга байланышкан жумуштарды аткарууга, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды, ошондой эле билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын сатып алууга аванстык төлөмдүн өлчөмү контракт (келишим) түзүүдө тараптар тарабынан белгиленет;
- “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга келишимдин суммасынан 100 пайызга чейин аванстык төлөмдөр каралышы мүмкүн;
- мамлекеттик жашыруундуулукту коргоо, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук жана коргонуу менен түздөн-түз байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга аванстык төлөмгө карата талап коюлбайт.”.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.О.Аманбаевге жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 5-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 81 (3530) саны менен жарыяланды Дагы караңыз: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 5-октябрындагы 2023-жылдын 6-Б буйругуна карата жыйынтыктоочу таблица жана салыштырма таблица бар.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри
А.К.Бакетаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 11-июлундагы № 2-Б…Положение · 11.07.2023 · № 2-П
- Тиркеме (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык)Приложение · 05.10.2023 · № 6-П
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү…Приказ · 22.01.2024 · № 1-П
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү…Приказ · 22.01.2024 · № 1-П
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылдын 11-июлу № 2-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону…Приказ · 11.07.2023 · № 2-П · Күчүн жоготкон