Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары тарабынан адистештирилген техника сатып алуу үчүн шарттарды түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-октябры № 613-т
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары тарабынан адистештирилген техника сатып алуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобонун 312-пунктунун бешинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары даярдоочу заводдор, өндүрүүчүлөр же берүүчүлөр менен адистештирилген техника сатып алуу боюнча контракт (келишим) түзгөндөн кийин контракттын (келишимдин) суммасынан 20дан 50 пайызга чейинки аванстык төлөмдү төлөөгө укуктуу деп белгиленсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары бул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү…Приказ · 22.01.2024 · № 1-П