Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «КР КЧ 40-01:2023 “Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар”, КР КЧ 40-02:2023 „Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тарамдар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери“ жана КР КЧ 40-03:2023 „Калкынын саны 5000 ге чейинки калктуу конуштардын жана рекреация объектилеринин саркынды сууларын чыгаруу. Долбоорлоо ченемдери“ Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 1-декабры №64-нпа КР КЧ 40-01:2023 “Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар”, КР КЧ 40-02:2023 “Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тарамдар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери” жана КР КЧ 40-03:2023 “Калкынын саны 5000 ге чейинки калктуу конуштардын жана рекреация объектилеринин саркынды сууларын чыгаруу. Долбоорлоо ченемдери” Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө Ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун жаңы, кеңейтилүүчү жана реконструкциялануучу тутумдарын долбоорлоо жана куруу ченемдерин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып буйрук кылам: Төмөнкү курулуш ченемдери бекитилсин:
- КР КЧ 40-01:2023 “Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар”;
- КР КЧ 40-02:2023 “Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тарамдар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери”;
- КР КЧ 40-03:2023 “Калкынын саны 5000 ге чейинки калктуу конуштарды жана рекреация объектилеринин саркынды сууларын чыгаруу. Долбоорлоо ченемдери”.
2. Мамкурулуштун турак жай-коммуналдык чарбаны жана Евразия экономикалык биримдикти өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн;
- 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө “Керемет” илимий-туруктуу өнүктүрүү жана экология институту менен бирдикте илимий, долбоордук, подряддык жана коомдук уюмдардан сунуштарды, сын-пикирлерди чогултуу жана талдоо боюнча иштерди жүргүзсүн. Зарыл болгон учурда ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик техникалык документтерге толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Мамкурулуштун 2018-жылдын 31-декабрындагы № 34-нпа буйругу менен бекитилген “КР КЧ 40-01:2018 Калкынын саны 3000 ге чейинки чакан калктуу конуштарды тышкы суу менен камсыздоо тутумдары”;
- КЧжЭ 2.04.02-84* “Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар”;
- КЧжЭ 2.04.03-85 “Канализация. Тышкы тарамдар жана курулмалар”;
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 14-декабрында gosstroy.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун биринчи орун басары С.Э.Джантелиевге жана директордун орун басары Иманакун уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Директор
Н.К. Орунтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Суу менен камсыздоо. Тышкы тармактар жана курулмалар КР КЧ 40-01:2023 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба…Норма · 01.12.2023 · № 64-нпа
- Калкынын саны 5000ге чейинки калктуу конуштарды жана рекреация объектилеринин саркынды сууларын чыгаруу. Долбоорлоо ченемдери КР КЧ 40-03:2023 (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Норма · 01.12.2023 · № 64-нпа
- Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тармактар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери КР КЧ 40-02:2023 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана…Норма · 01.12.2023 · № 64-нпа
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы №34-нпа "Кыргыз…Приказ · 31.12.2018 · № 34-нпа · Күчүн жоготкон
- Курулуштагы ченемдик документтер тутуму КАЛКЫНЫН САНЫ 3000 ГЕ ЧЕЙИНКИ КИЧИ КОНУШТАРДЫ ТЫШКЫ СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ТУТУМДАРЫНорма · 31.12.2018 · № 34-нпа · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык…Постановление · 25.06.2021 · № 44 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы №34-нпа "Кыргыз…Приказ · 31.12.2018 · № 34-нпа · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 25.06.2021 · № 44 · Күчүн жоготкон