Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 40-01:2018 “Калкынын саны 3000 ге чейинки кичи конуштарды тышкы суу менен жабдуу тутумдары Долбоорлоо жана куруу ченемдерин” бекитүү жөнүндө « буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Государственного агентства архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Кабинете Министров Кыргызской Республики от 1 декабря 2023 года № 64-нпа "Об утверждении строительных норм Кыргызской Республики СН КР 40-01:2023 "Водоснабжение. Наружные сети и сооружения», СН КР 40-02:2023 "Водоотведение. Наружные сети и сооружения. Нормы проектирования" и СН КР 40-03:2023 "Водоотведение населенных пунктов с численностью до 5000 жителей и объектов рекреации. Нормы проектирования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-01.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК 2018-жылдын 31-декабры №34-нпа Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 40-01:2018 “Калкынын саны 3000 ге чейинки кичи конуштарды тышкы суу менен жабдуу тутумдары Долбоорлоо жана куруу ченемдерин” бекитүү жөнүндө Жашоочулардын саны 3000 ге чейинки Кыргыз Республикасынын кичи конуштарында тышкы суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоо жана курууда жалпы шарттарын белгилөө менен жана калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 40-01:2018 “Калкынын саны 3000 ге чейинки кичи конуштарды тышкы суу менен жабдуу тутумдары Долбоорлоо жана куруу ченемдери”.
2. Мамкурулуштун басма сөз-катчысы Мамкурулуштун алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү департаменти (мындан ары – Департамент) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралынан №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн.
3. Мамкурулуштун кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү Департамент менен биргеликте:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине кошуу үчүн ушул буйруктун көчүрмөсү расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
- Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына буйруктун көчүрмөсү маалымат катары жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директордун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Статс-катчы
С.Борубаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа "КР КЧ…Приказ · 01.12.2023 · № 64-нпа
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2013 · № 372 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Курулуштагы ченемдик документтер тутуму КАЛКЫНЫН САНЫ 3000 ГЕ ЧЕЙИНКИ КИЧИ КОНУШТАРДЫ ТЫШКЫ СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ТУТУМДАРЫНорма · 31.12.2018 · № 34-нпа · Күчүн жоготкон