Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 12-декабры № 663 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Калкка медициналык жардам көрсөтүүдө оорукана ичиндеги инфекциянын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары бул токтомду тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2012 · № 32
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон