Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 3-июну № 292 Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 165 токтомунун редакциясына ылайык) Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтому менен бекитилген "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 24-майындагы № 03/681 корутундусун, Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 17-майындагы № 22 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 26,5 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун, анын ичинен:
- Жылалды айылынын № 496 (6,7 га), № 512 (4,1 га) контурларындагы 10,8 га сугат айдоо жери;
- Красный Маяк айылынын № 540 (2,8 га), № 808 (6,7 га), № 863 (1,5 га), № 865 (2,7 га) контурларындагы 13,7 га сугат айдоо жери;
- Калта айылынын № 253 контурундагы 2,0 га сугат айдоо жери.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 165 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 49 жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 "Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2021 · № 26
- Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-мартындагы № 27 "Прогресс айылындагы жаңы конуштардын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү боюнча бюджетте кралган акча каражатынын калган…Постановление · 26.03.2021 · № 27
- Жылалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-июнундагы №7 "Жылалды айыл өкмөтүнүн айылдарында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн түзүлгөн ген планды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.06.2020 · № 7
- Жылалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 18-июлундагы №8 "Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.2020 · № 8
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрели № 165 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл…Постановление · 22.04.2021 · № 165
Шилтеме берет (6)
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого)…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-октябрындагы № 504 "2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин…Постановление · 29.10.2018 · № 504 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 токтомуна "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга…Порядок · 31.10.2018 · № 512 · Күчүн жоготкон