Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 292 „Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Калктуу конуштардын жерлери“ категориясына которуу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-апрели № 165 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 292 токтомунда көрсөтүлгөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл аймагынын Жылалды айылындагы контурдун номерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жер каттоо документтеринин маалыматтарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 37 чечимин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 292 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "523" деген цифралар "512" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
У.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон