Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жылалды айылдык кеңешинин «Прогресс айылындагы жаңы конуштардын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү боюнча бюджетте кралган акча каражатынын калган суммасын 2021-жыл ичинде берүү жөнүндө» токтому
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясы 2021-жылдын 26-марты № 27 Прогресс айылындагы жаңы конуштардын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү боюнча бюджетте кралган акча каражатынын калган суммасын 2021-жыл ичинде берүү жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы жаңы конуштардын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү боюнча бюджетте каралган акча каражатынын калган суммасын 2021-жыл ичинде угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы №292 токтомунун негизинде турак жай куруу боюнча трансформация болгон айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун эсебинде турган Красный-Маяк айылынан 13,7га жер аянтынан берилген турак жай тилкесинен, 1,70га жер аянты жетпей жаткан жер тилкесин, Жылалды айылынын Макаренко участкасындагы №512 контурунан 1,70га жер тилкесин бөлүп берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаз документтерин даярдап берүү жагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу жер маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Акназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.