27-статья. Диспансердик байкоо
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29
1. Диспансердик байкоо оорусу катуу же тез-тез күчөп турган өнөкөт жана узакка созулган психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамга карата белгилениши мүмкүн.
2. Диспансердик байкоону белгилөө зарылдыгы жөнүндө жана аны токтотуу жөнүндө маселени чечүү амбулаториялык психиатриялык жардам көрсөтүүчү психиатриялык мекеменин администрациясы дайындаган врач-психиатрлардын комиссиясы же саламаттык сактоо органы дайындаган врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан кабыл алынат.
3. Врач-психиатрлардын жүйөлөштүрүлгөн чечими медициналык документте жазылып катталат. Диспансердик байкоону белгилөө же токтотуу жөнүндө чечимге административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Мурда белгиленген диспансердик байкоо адам сакайганда же анын психикалык абалы кыйла жана туруктуу жакшырганда токтотулат. Диспансердик байкоо токтотулгандан кийин амбулоториялык психиатриялык жардам адамдын өтүнүчү боюнча же макулдугу менен, болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен консультациялык- дарылоо түрүндө көрсөтүлөт. Психикалык абалы өзгөргөндө психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адам ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда, 24 жана 25-статьяларында каралган негиздер боюнча жана тартипте анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ырастоодон өткөрүлүшү мүмкүн. Диспансердик байкоо мындай учурларда врач-психиатрлардын комиссиясынын чечими боюнча кайра башталышы мүмкүн.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Правила · 29.07.2024 · № 429
- Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696…Постановление · 09.10.2015 · № 696 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-27" title="27-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>