26-статья. Амбулаториялык психиатриялык жардамдын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29
1. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамга амбулаториялык психиатриялык жардам медициналык абалына жараша консультациялык - дарылоо жардамы же диспансердик байкоо түрүндө көрсөтүлөт.
2. Консультациялык-дарылоо жардамы врач-психиатр тарабынан психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адам өз алдынча кайрылганда анын өтүнүчү же макулдугу боюнча, ал эми 18 жашка чейинки жашы жетпегенге карата-ата-энесинин, болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен көрсөтүлөт.
3. Диспансердик байкоо ушул Мыйзамдын 27-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугуна карабай белгилениши мүмкүн жана врач-психиатр тарабынан адамдын психикалык саламаттыгынын абалына туруктуу кароолор өткөрүү жолу менен байкоо жүргүзүүнү жана ага зарыл медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүнү талап кылат.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-26" title="26-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>