Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-статья. Мамлекет тарабынан кепилденген психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун түрлөрү
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29
1. Мамлекет тарабынан:
- кечиктирилгис психиатриялык жардам;
- ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен оорулардын тизмеси боюнча консультациялык-диагноздук, дарылоо, психикалык-профилактикалык, реабилитациялык жардам;
- психиатриялык экспертизанын бардык түрлөрү, убактылуу ишке жарамсыздыгын аныктоо;
- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарга социалдык-укуктук жардам жана ишке орноштурууга көмөктөшүү;
- камкордук маселелерин чечүү;
- психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелерде укуктук маселелер боюнча консультациялар жана юридикалык жардамдын башка түрлөрү;
- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана улгайган жарандарды социалдык-турмуштук жактан жайгаштыруу, ошондой эле аларды багуу;
- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана жашы жетпегендерди окутуу;
- табигый кырсыктар жана кыйроолор учурунда психиатриялык жардам көрсөтүү кепилденет.
2. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардам жана аларды социалдык жактан коргоо менен камсыздоо үчүн мамлекет:
- ооруканадан тышкары жана стационардык жардам көрсөтүүчү мекемелердин бардык түрлөрүн, мүмкүн болушунча сыркоолордун жашаган жерлеринде түзөт;
- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган жашы жетпегендерге жалпы билим берүүнү жана кесиптик үйрөтүүнү уюштурат;
- эмгектик терапия үчүн дарылоо-өндүрүштүк ишканаларын түзөт, бул ишканаларда психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жаңы кесиптерге окутат жана ишке орноштурат, ошондой эле мындай адамдар үчүн эмгектин жеңилдетилген шарттары бар атайын өндүрүштөрдү, цехтерди же участокторду түзөт;
- калкты иш менен камсыз кылуу органдарынан бош кызматтар жана жумушчу орундары тууралу толук жана жаңы так маалыматтарды алат;
- ар кандай түрдөгү ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумушчу орундарынын милдеттүү квоталарын белгилейт;
- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар үчүн жумушчу орундарын берген ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн экономикалык жактан колдоо усулдарын колдонот;
- социалдык байланыштарын жоготкон психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар үчүн жатаканалар түзөт;
- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн зарыл болгон башка чараларды көрөт.
3. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун бардык түрлөрү менен камсыздоо мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алардын компетенцияларына ылайык тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун бардык түрлөрү менен камсыздоону берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырат. (КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 150, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 февраля 2017 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 июля 2003 года № 150 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О психиатрической помощи и гарантиях прав граждан при ее оказании"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/225/st-16" title="16-статья - Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>