Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө»,»Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-июлу № 98
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 21-беренеде:
а) расмий тилдеги биринчи абзацта "Кроме" деген сөз "1. Кроме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".
2-берене "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 21-беренеде:
а) биринчи абзацта:
- мамлекеттик тилдеги текстте "Жергиликтүү мамлекеттик" деген сөздөр "1. "Жергиликтүү мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстте "Кроме" деген сөз "1. Кроме" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда көрсөтүлгөн Ош шаарынын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".
3-берене "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн акимдин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.";
2) 48-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда көрсөтүлгөн шаардын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.".
4-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 2026-жылдын 10-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 2334-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 11.09.2024 · № 2334-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 10-июну № 539-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 10-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 10.06.2026 · № 539-VIII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 79 (Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 10.02.2023 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 2342-VII "“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана…Постановление · 11.09.2024 · № 2342-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 547-VIII «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу…Постановление · 10.06.2026 · № 547-VIII
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219