Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Министрлер Кабинетинин «Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-ноябры № 265 Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 373 "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык желөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы ПЖ № 373 "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 01.09.2021 · № 373