Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 2-ноябры № 596-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, 1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүктүү достук жөнүндө келишимди жана 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк, достукту бекемдөө, ынак коңшулук жана ишеним жөнүндө декларацияны жетекчиликке алып, суу ресурстарын пайдаланууда өз ара пайдалуу кызматташууга, суу чарба курулмаларын эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу маани берип, эгемендүү теңдик жана ынак коңшулук принциптерине таянып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Тараптар Өзбекстан Республикасынын Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын (мындан ары - суу сактагыч) суу ресурстарын пайдалануу жана эксплуатациялоо Тараптардын мамлекеттеринин калкын жана экономикасынын секторлорун суу менен туруктуу камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылышы керектигин тааныйт. 2-берене. Суу сактагыч Карадарыя дарыясынын нугунда курулган гидротехникалык курулмалардын комплекси бар суу чарба курулмасын билдирет. Суу сактагычтын суу ресурстарын башкаруу Биргелешкен комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Биргелешкен комиссиянын иши жөнүндө жобо жана курамы ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Тиркемеде бекемделген. Биргелешкен комиссиянын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүсү 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара баруулары жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат. Өзбек тарап Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн өкүлдөрүн суу сактагычтын гидротехникалык курулмаларына инсандыгын ырастаган документти (паспортту) көрсөтүү жана карап текшерүүнү жүргүзүү менен ыкчам өткөрүүнү камсыздайт, мында суу сактагычтын аймагында туруктуу негизде болуусуна башка талаптарды койбойт. 3-берене. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин жооптуу компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнөн - Өзбекстан Республикасынын Суу чарба министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Суу чарба объекттеринин коопсуздугун контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция. Башкалар дайындалган же компетенттүү органдардын аталышында өзгөрүүлөр болгон учурда, Тараптар бул тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт. 4-берене. Өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, эксплуатациялайт, техникалык жактан тейлейт жана Кыргыз тарап менен макулдашылган лимиттердин чектеринде сууну агызууларды жүргүзөт. Өзбек тарап өзгөчө кырдаалдар (суу каптоо мезгили, техногендик жана жаратылыш кубулуштары, суу чыгаруучу курулмалардын техникалык абалы) жана форс-мажордук жагдайларды кошпогондо, суу сактагычтагы суунун деңгээлин 900-горизонталдан жогору эмес кармоого милдеттенет. Тараптар өзгөчө кырдаалдар жана форс-мажордук жагдайлар болгон учурда суу сактагычтагы суунун деңгээли 900-горизонталдан жогору болушу мүмкүн экендигин тааныйт. 5-берене. Өзбек тарап Кыргыз Республикасынын жарандарынын суу сактагычтын суусуна жана аны пайдаланууга эркин жана тоскоолдуксуз жетүүсүн (мал сугаруу, сугат, балык уулоо жана Тараптардын макулдашуусу боюнча башка иш) камсыз кылууга милдеттенет. Өзбек тарап суу сактагычтын чөйчөкчөсүнүн айланасына инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоого милдеттенет. Кыргыз тарап ушул Макулдашууга кол коюлган учурга карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы суу мыйзамдарына ылайык сууну коргоо зоналарын орнотууну, аларды пайдалануу режимин сактоону камсыз кылууга милдеттенет. 6-берене. Тараптар биргеликте гидрогеологиялык издөөлөрдү, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүн жана суу сактагычтын таасир этүүчү зонасындагы аймактарды жана калктуу конуштарды каптап кетүүсүн изилдөө менен чектеш сугат жерлердин мелиоративдик абалына мониторинг жүргүзөт. 7-берене. Суу сактагычта өзгөчө кырдаалдар (сел жана башка жаратылыш кубулуштары) жана (же) форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда Тараптар бири-бирине токтоосуз кабарлайт. Тараптар төмөнкүлөргө багытталган биргелешкен аракеттерди көрөт: өзгөчө кырдаалдардын жана форс-мажордук жагдайлардын алдын алууга, жеңилдетүүгө жана кесепеттерин жоюуга; суу сактагычтын чегинде анын суусунун сапатына жана туруктуу иштешине терс таасирин тийгизе турган иштерден баш тартууга; айыл чарба жерлерине жана калктуу конуштарга ар кандай зыяндуу таасир этүүлөрдү болтурбоого, контролдоого жана азайтууга. 8-берене. Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланышкан талаштар же пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар аларды эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечет. 9-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу жана ушул Макулдашуунун 11-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет. 10-берене. Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт. 11-берене. Бул Макулдашуу мөөнөтсүз болуп эсептелет жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу денонсацияланууга тийиш эмес.
_______________ шаарында 2022-жылдын "___" ____________ ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти колдонот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга тиркеме
Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын биргелешкен комиссиясынын иши жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) милдеттерин жана функцияларын аныктайт.
2. Комиссия өз ишин төмөндө көрсөтүлгөн курамга ылайык эки тең төраганын жетекчилиги астында паритеттүү шарттарында жүзөгө ашырат.
3. Комиссиянын ишинин негизги формасы төмөнкүлөр болуп саналат:
- суу сактагычтын суу ресурстарын башкаруунун негизги маселелерин кароо боюнча жыйналыштарды зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүү. Ар бир жыйналыштын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, ага Комиссиянын тең төрагалары кол коёт;
- диспетчердик маалыматтарга жана суу сактагычтын иштөө режимине мониторинг жүргүзүү;
- зарылдыгына жараша суу сактагычтын гидротехникалык курулмаларынын бүткүл комплексине кароо жүргүзүү;
- гидрогеологиялык изилдөөлөрдү, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүн жана суу сактагычтын таасир этүүчү зонасында жайгашкан аймакка жана калктуу конуштарга суунун каптап кетүүсүн изилдөө менен жанаша жайгашкан сугат жерлеринин мелиоративдик абалына мониторинг жүргүзүү.
4. Комиссиянын милдеттери жана функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
- суу сактагычтын иштөө режимин кароо;
- агызуу графигин бекитүү;
- суу сактагычтын толушу боюнча маалыматтар менен таанышуу;
- суунун максималдуу деңгээлинин болжолун биргелешип аныктоо;
- сууну чыгымдоонун датасын жана мезгилин болжолдоо, ошондой эле анын мүмкүн болуучу максималдуу чыгымдалышын талдоо жана суунун деңгээлин 900-горизонталдан ашырбоо;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жакынкы мезгилде сууну агызуу көлөмүн жөнгө салуу аркылуу аларды болтурбоо боюнча алдын ала зарыл болгон чараларды көрүү;
- суунун нугу боюнча 300 м3/сек ашык көлөмдө агызуу учурунда суу сактагычтын төмөнкү бьефинде Комиссиянын тийиштүү чечимин алдын ала кабыл алуу менен иш-чараларды жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдарда биргелешкен иш-аракеттердин тартибин белгилөө жана алардын кесепеттерин болтурбоо, жеңилдетүү, ошондой эле жоюу;
- кирген сууну агызуу жана суу ташкындарына, селге жана башка табигый кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Макулдашуунун 5-беренесине ылайык башка маселелерди кароо.
5. Комиссиянын ишинин өз ара аракеттенүү тартиби:
- Комиссиянын иши суу сактагычтын аймагында туруктуу негизде жүргүзүлөт;
- Өзбек тарап Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн өкүлдөрүнө суу сактагычтын гидротехникалык курулмаларына инсандыгын ырастаган документти (паспортту) көрсөтүү жана текшерүүдөн өтүү менен оперативдүү кирүүсүн камсыз кылат, мында суу сактагычтын аймагында туруктуу негизде болуу үчүн башка талаптарды койбойт;
- Комиссиянын өкүлдөрүнүн келүүсү жөнүндө маалымат алмашуу анын тең төрагаларынын ортосунда жазуу жүзүндө бардык байланыш каналдары (электрондук почта, факс, мессенджерлер ж.б.) аркылуу жүргүзүлөт;
- Өзбек тарап Комиссиянын толук баалуу иши үчүн зарыл болгон бардык талап кылынган документтерди алуу менен байланышкан маселелерди оперативдүү чечет. Өзгөчө кырдаалдар (суу каптоо мезгили, техногендик жана жаратылыштык кубулуштар, суу чыгаруучу курулмалардын техникалык абалы) жана форс-мажордук жагдайлар болгон учурда бул маселелерди чечүү мөөнөтү 1 күндөн ашпоого тийиш;
- өзгөчө учурларда (суу каптоо мезгили, техногендик жана жаратылыштык кубулуштар, суу чыгаруучу курулмалардын техникалык абалы) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз ара макулдашуу боюнча Комиссиянын мүчөлөрүн 2004-жылдын 24-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленген контролдоо тартибин сактоо менен учурдагы өткөрүү пункттарынан тышкары Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрө алат.
Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын биргелешкен комиссиясынын КУРАМЫ Begin_nocompare
Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы:
Комиссиянын өзбек бөлүгүнүн курамы:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору - Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы
Өзбекстан Республикасынын суу чарба министри - Комиссиянын өзбек бөлүгүнүн төрагасы
Суу ресурстары кызматынын суу ресурстары башкармалыгынын начальниги
Суу чарба министрлигинин Эл аралык байланыштар жана трансчек аралык суу маселелери башкармалыгынын начальниги
Суу ресурстары кызматынын эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги
Суу чарба министрлигинин Ирригациялык системаларды жана гидротехникалык объекттерди эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги
Карадарыя-Сырдарыя-Амударыя бассейндик суу ресурстары башкармалыгынын начальниги
Суу чарба министрлигинин Суу пайдалануу жана суу ресурстары башкармалыгынын начальниги
Ош суу чарба башкы башкармалыгынын начальниги
Фергана өрөөнүнүн магистралдык каналдар системасы башкармалыгынын начальниги
Жалал-Абад суу чарба башкы башкармалыгынын начальниги
Сырдарья-Сох бассейндик ирригациялык системалар башкармалыгынын начальниги
Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын начальниги
Нарын-Карадарья бассейндик ирригациялык системалар башкармалыгынын начальниги
Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын начальниги
Нарын-Сырдарья бассейндик ирригациялык системалар башкармалыгынын начальниги
Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын начальниги
Анжиан суу сактагычын эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү
Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин өкүлү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалыгынын начальниги
Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүмүнүн начальниги
Суу чарба объекттеринин коопсуздугун контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Соглашение · 24.07.2004
- Жарандарын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын…Соглашение · 03.10.2006