Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 71
Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2004-жылдын 24-июлу
Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
(2006-жылдын 24-августундагы Протоколдун
редакциясына ылайык)
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
2000-жылдын 2-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган, Жарандардын өз
ара жол жүрүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну эске алып,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы
жакшы коњшулаштык, достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү үчүн
жагымдуу шарттарды түзүү максатында,
адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жа-
на башка мүлктү кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү тар-
тибин өркүндөтүү зарылчылыгын эске алып,
мыйзамсыз миграцияны, куралдын, бањги каражаттарынын, психотроп-
тук, ууландыруучу заттардын жана прекурсорлордун контрабандасын табуу
жана жоюу максатында,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жа-
на башка мүлктү кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү үчүн
Тараптар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул Макулда-
шуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик чегара аркылуу эл аралык
жана эки тараптуу өткөрмө пункттарын, анын ичинде жөнөкөйлөтүлгөн
өткөрмө пункттарын (мындан ары - өткөрмө пункттары деп аталат) орнотуу-
ну чечти.
Эл аралык өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттеринин жана башка
мамлекеттердин адамдарын, жүктөрүн, товарларын, транспорт каражаттарын,
малын жана башка мүлкүн өткөрүүнү жүзөгө ашырат.
Эки тараптуу өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттеринин адамда-
рын, жүктөрүн, товарларын, транспорт каражаттарын, малын жана башка
мүлкүн өткөрүүнү жүзөгө ашырат.
Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттары Тараптардын мамлекеттеринин
адамдарын өткөрүүнү жүзөгө ашырат.
Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарынын ишинин тартиби Тараптардын
мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунун ортосундагы макулда-
шуу боюнча белгиленет.
2-статья.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы аркылуу бараткан адамдарды
өткөрүү ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн өткөрмө пункттарын-
да анык документтер боюнча 2000-жылдын 2-июлунда Ташкент шаарында кол
коюлган Жарандардын өз ара жол жүрүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашу-
уда жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы катышуучусу
болуп саналган башка эл аралык келишимдерде каралган шарттарда жүзөгө
ашырылат.
3-статья.
Өткөрмө пункттарынын иши (иштөө режими) ушул Макулдашуунун Тирке-
месине ылайык Тараптардын макулдашууларына жараша жүзөгө ашырылат.
Иштөө режимине контролдук кылуу, ошондой эле адамдарды, транспорт
каражаттарын, жүктөрдү, товарларды, малды жана башка мүлктү өткөрүү
тартиби Тараптардын мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунун
макулдашуусу боюнча белгиленет.
4-статья.
Адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жа-
на башка мүлктү контролдоонун чегаралык, бажылык жана башка түрлөрү
(мындан ары - контроль деп аталат) Тараптардын улуттук мыйзамдарына жа-
на алар катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык
өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырылат.
Зарылчылык болгон учурда Тараптар биргелешип контролдоо үчүн шарт-
тарды түзөт. Биргелешкен контролдукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тар-
тиби Тараптардын мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволорунун ор-
тосундагы өзүнчө макулдашуулар менен аныкталат.
5-статья.
Өткөрмө пункттарынын ойдогудай ишин камсыз кылуу үчүн Тараптардын
ар бири өз мамлекетинин аймагында зарыл инфраструктураны түзөт.
Эгерде өткөрмө пунктта биргелешкен контролдоону жүргүзүү
мүмкүнчүлүгү каралса, өткөрмө пункттарын долбоорлоо жана куруу өз ара
макулдук боюнча жүзөгө ашырылат.
6-статья.
Жањы өткөрмө пункттарды ачууну, азыркыларын жабууну (анын ичинде
жөнөкөйлөтүлгөн өткөрмө пункттарды ачууну жана жабууну) же алардын ста-
тусун жана иштөө режимин өзгөртүүнү Тараптар дипломатиялык каналдар бо-
юнча макулдашат жана алар атайын протокол менен таризделет, ал ушул Ма-
кулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Төмөндөгү эки тараптуу кызматташтыктын макулдашуусунун аткарылышы
эки мамлекеттин компетенттүү органдары аркылуу бекитилет:
Кыргыз Республикасы тарабынан - Кыргыз Республикасынын Чегара кыз-
маты жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Киреше-
лер боюнча комитеттин Бажы департамент кызматы;
Өзбекстан Республикасынан - Өзбекстан Республикасынын Улуттук ко-
опсуздук кызматынын Чегара коргоо комитети жана Өзбекстан Республикасы-
нын Мамлекеттик бажы комитети.
7-статья.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасынын айрым участкаларында өткөрмө
пункттар аркылуу кыймылды убактылуу чектөө же токтотуу Тараптардын мам-
лекеттеринин улуттук коопсуздук таламдарында, ошондой эле жаратылыш
кырсыктарынын айынан, эпидемия жана эпизоотия учурларында санитар-
дык-карантиндик себептер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мындай чектөөлөрдү киргизген Тарап чектөө аракеттеринин себептерин
жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аларды киргизүүнүн пландаштырылган
убактысына чейин 5 суткадан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар боюн-
ча экинчи Тарапка билдирет.
Тараптар өткөрмө пункттардын объекттерин же коммуникациялык куру-
луштарды пландуу оњдоого байланыштуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы
аркылуу кыймылды чектөө же токтотуу жөнүндө бири-бирине ушундай иштер
башталганга чейин үч айдан кечиктирбестен маалымдайт, мында алар аяктай
турган датаны билдирет.
8-статья.
Өзгөчө учурларда гана (жаратылыш кырсыктары, эпидемия, эпизоотия,
авария, шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жана башкалар) Тараптардын
мамлекеттеринин чегара жана бажы ведомстволору өз ара макулдашуу боюнча
иштеп жаткан өткөрмө пункттардан тышкары жерлерде контролдоонун белги-
ленген тартибин сактоо менен мамлекеттик чегара аркылуу адамдарды,
жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, малды жана башка мүлктү
өткөрүүнү жүзөгө ашыра алат.
9-статья.
Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык
келишимдер боюнча алардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
10-статья.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү
болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашу-
унун 12-статьясына ылайык күчүнө кирет.
11-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагынан талаш-
тар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар аларды
сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечет.
12-статья.
Бул Макулдашуу ал күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички
жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү бил-
дирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 жыл бою күчүндө болот жана, эгерде Тараптардын
бири да кезектеги беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин 6 ай мурда анын
колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу
жүзүндө билдирбесе, ар бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү
узартылып турат.
Макулдашуу Бишкек шаарында 2004-жылдын 24-июлунда эки нускада, ар
бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер
бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө үчүн орус тилиндеги текст
колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө
пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Макулдашуунун
ТИРКЕМЕСИ
(2006-жылдын 24-августундагы Протоколдун
редакциясына ылайык)
| № | Кыргыз | Кыргыз | Өзбекстан | Өзбекстан | Өткөрмө | Иштөө |
| Респуб- | Республи- | Республи- | Республи- | пунктта- | режими | |
| ликасынын | касында | касынын | касында | рынын | ||
| өткөрмө | жайгашуу | өткөрмө | жайгашуу | статусу | ||
| пунктта- | орду | пунктта- | орду | |||
| рынын | рынын | |||||
| аталышы | аталышы | |||||
| 1 | Кызылкыя - | Баткен | Кувсай - | Фергана | эл | күнү- |
| темиржол | областы, | темиржол | областы, | аралык | түнү | |
| Кызылкыя ш. | Кувсай | |||||
| району | ||||||
| 2 | Достук - | Ош областы, | Дустлик - | Андижан | эл | күнү- |
| автожол | Карасуу | автожол | областы, | аралык | түнү | |
| району | Ходжаабад | |||||
| району | ||||||
| 3 | Карасуу - | Ош областы, | Савай - | Андижан | эл | күнү- |
| темиржол | Карасуу | темиржол | областы, | аралык | түнү | |
| району | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| 4 | Бекабад - | Жалалабад | Ханабад - | Андижан | эл | күнү- |
| автожол | областы, | автожол | областы, | аралык | түнү | |
| Сузак району | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| 5 | Жалалабад - | Жалалабад | Ханабад - | Андижан | эл аралык | күнү- |
| темиржол | областы, | темиржол | областы, | түнү | ||
| Жалалабад ш. | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| 6 | Маданият - | Жалалабад | Маданият - | Андижан | эл аралык | күнү- |
| автожол | областы, | автожол | областы, | түнү | ||
| Ноокен | Пахтаабад | |||||
| району | району | |||||
| 7 | Шамалдысай | Жалалабад | Учкоргон - | Наманган | эл аралык | күнү- |
| - темиржол | областы, | темиржол | областы, | түнү | ||
| Ноокен | Учкоргон | |||||
| району | району | |||||
| 8 | Кызылкыя - | Баткен | Өзбекстан | Фергана | эки | күнү- |
| автожол | областы, | - автожол | областы, | тараптуу | түнү | |
| Кызылкыя ш. | Кувсай | |||||
| району | ||||||
| 9 | Карабагыш - | Ош областы, | Мингтепа - | Андижан | эки | күндү- |
| автожол | Араван | автожол | областы, | тараптуу | зү | |
| району | Мархамат | |||||
| району | ||||||
| 10 | Баймак - | Жалалабад | Касансай - | Наманган | эки | күндү- |
| автожол | областы, | автожол | областы, | тараптуу | зү | |
| Алабука | Касансай | |||||
| району | району | |||||
| 11 | Сейдикум - | Жалалабад | Пушмон - | Андижан | Жөнөкөй- | күндү- |
| автожол | областы, | автожол | областы, | лөтүлгөн | зү | |
| Базар-Коргон | Пахтаабад | өткөрмө | ||||
| району | району | пункт | ||||
| 12 | Ынтымак - | Ош областы, | Кесканер - | Андижан | эки | күндү- |
| автожол | Карасуу | автожол | областы, | тараптуу | зү | |
| району | Кургантепе | |||||
| району | ||||||
| 13 | Сумсар - | Жалалабад | Каракурган | Наманган | Жөнөкөй- | күндү- |
| автожол | областы, | - автожол | областы, | лөтүлгөн | зү | |
| Алабука | Чуст | өткөрмө | ||||
| району | району | пункт | ||||
| 14 | Кенсай - | Жалалабад | Учкоргон - | Наманган | эл аралык | күнү- |
| автожол | областы, | автожол | областы, | түнү | ||
| Ноокен | Учкоргон | |||||
| району | району | |||||
| 15 | Карасуу - | Ош облусу, | Карасув- | Анжиян | Эки | Сутка- |
| автожол | Карасуу | автожол | облусу, | тараптуу | нын | |
| району | Кургантеп | жарык | ||||
| району | мезги- | |||||
| линде |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 596-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы…Распоряжение · 02.11.2022 · № 596-р
- 2006-жылдын 24-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чегара аркылуу текшерип-өткөрүү пункттары жөнүндө…Протокол
- Ташкент шаарында 2006-жылдын 24-августундагы кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чегара аркылуу өткөрүү пункттары…Закон · 15.11.2007 · № 171
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №466-б буйругуРаспоряжение · 23.08.2006 · № 466
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.