КР «»Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-апрели № 58
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 199-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "ишкердиктин" деген сөз "соода ишинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат: соода иши (соода) - товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү; товар - сатуу же алмаштыруу үчүн арналган жүгүртүүдөн алып салынбаган эмгектин кандай болбосун продуктусу; соода ишинин субъекттери - белгиленген тартипте катталган жана өз ишин соода чөйрөсүндө жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле эгерде соода чөйрөсүндө ишкердик иш жүргүзүү алардын уставында бекитилсе коммерциялык эмес уюмдар; соода объекти (соода ишканасы) - соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн соода ишинин субъекттери тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс, ошондой эле башка мүлк; ички соода (ички соода иши) - Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода иши; социалдык мааниге ээ соода иши - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган соода ишинин түрү; социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары - тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, калктын биринчи даражадагы керектөөлөрүн канааттандыруучу үчүн тамак-аштын базалык продуктулары.".
3. 4-статьяда:
1-пунктундагы "сапаттуу" деген сөздөн кийин ", коопсуз" деген сөз менен толукталсын; 3-пунктундагы "соода уюмдарынын" деген сөздөр "соода ишинин субъекттеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6-статьяда:
1-пунктундагы "теңдештигин" деген сөздөн кийин "жана атаандаштыгын өнүктүрүүнү" деген сөздөр менен толукталсын; 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) ошол региондун аймагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган чектерде жана тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү.".
5. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык соода ишин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга карата атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо максатында талаптарды белгилөө;".
6. 8-статьянын экинчи-бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 9-статьянын биринчи абзацындагы "жайларды" жана "ээлегендик үчүн" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "соода ишинин субъекттерин" жана "жана соода объекттерин" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 11-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Социалдык мааниге ээ соода иши жана жарандардын айрым категорияларын коргоо"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "- жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тизмеги жана аларга бааны жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
9. 12-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөЗакон · 20.03.2002 · № 40
- Баа түзүү жөнүндөЗакон · 11.04.2023 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 24-июнундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.О.Култаева, М.Дж.Саккараев…Распоряжение · 24.06.2022 · № 440
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөЗакон · 20.03.2002 · № 40
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылыдын 12-декабрындагы № 569-б (№ З протоколу расмий тилде бекитилишии жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 12.12.2014 · № 569-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 517-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын…Распоряжение · 27.09.2022 · № 517-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон