Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 18-июлу № 94 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 27-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) он экинчи абзац ", ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"аскер кызматына чакыруу боюнча иш-чаралар - чакыруу кагазын жиберүү жана алуу, райондук (шаардык) аскер комиссариатынын чакыруусу, чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, жыйноо пункттарында аскер бөлүктөрүн комплекттөө үчүн аскердик командаларды түзүү, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын:
"угуучулар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан офицердик курамдагы аскер кызматчылары;";
2) 3-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Медициналык же башка атайы даярдыгы бар," деген сөздөр алып салынсын;
3) 21-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "Жыйырма беш" деген сөздөр "Жыйырма эки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы, мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.";
4) 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Жарандардын жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруусу. Аскердик окуу жайларда окуп жаткан жарандар менен аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттарды түзүү
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруу укугу берилет.
Жогорку аскердик окуу жайларына тапшырууга төмөнкүлөр укуктуу: курсанттар катары:
- тапшыруу мезгилине карата он жети жаш куракка толгон, бирок жыйырма бир жаштан ашпаган жарандар;
- аскер кызматын өтөгөн жарандар жана мөөнөттүү аскер кызматын жана контракт боюнча аскер кызматын жоокер, сержант жана прапорщик кызматтарында өтөп жаткан аскер кызматчылары тапшыруу мезгилине карата жыйырма төрт жаш куракка толгонго чейин;
угуучулар катары - офицердик курамдагы аскер кызматчылары. Чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, аскердик даярдык боюнча кошумча программалары бар билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жогорку аскердик окуу жайларына өтүүгө артыкчылыктуу укукка ээ. Аскердик окуу жайларына тандоо тартибин, аял аскер кызматчылары менен комплекттөөгө жол берилген аскердик-каттоо адистиктеринин тизмегин жана жогорку аскердик окуу жайларында окуу убагында аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоонун тартиби жана жогорку аскердик окуу жайларында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
2. Аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын кошпогондо, курсанттын аскер кызматын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп ал жогорку аскердик окуу жайга кабыл алынган дата эсептелет.
3. Жогорку аскердик окуу жайларына кабыл алынган учурда курсанттар контракт (аскер кызматчыларынын ичинен курсанттар - жаңы контракт) түзүшөт жана (улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо) аскердик кызмат орундарына дайындалышат.
Жогорку аскердик окуу жайларга окууга бир жылга жана андан ашык мөөнөткө жиберилген офицерлер окуу жөнүндө жана аскердик окуу жайларды аяктагандан кийин үч жыл аскер кызматын милдеттүү өтөө тууралуу жаны контракт түзүшөт.
4. Он сегиз жашка толо элек адамдарды кошпогондо, жогорку аскердик окуу жайларга тапшырбаган же алардан чыгарылган аскер кызматчылары, эгерде алардын чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууга жана аскердик кызматка чакыруудан бошотууга укугу болбосо, мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн кошундарга жана бөлүктөргө жөнөтүлөт.
5. Жогорку аскердик окуу жайларын бүткөндөн кийин курсанттарга "лейтенант" деген аскердик наам ыйгарылат.
Окуу мөөнөтү беш жылдан ашык болгон жогорку аскердик окуу жайларында окуп жаткан курсанттарга "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы 5-курсту аяктагандан кийин ыйгарылат. Көрсөтүлгөн аскер кызматчыларына кезектеги аскердик наамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат.";
5) 36-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Прапорщиктердин запаста болуусунун чектүү курагы элүү беш жашты түзөт.";
6) 5-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"прапорщиктер жана офицердик курамдын адамдары үчүн - кырк беш жашка чейинкилерди кошкондо.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 48 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (48)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 210 (Сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге мыйзам актыларды шайкеш келтирүү боюнча 2019-жылга карата…Распоряжение · 22.04.2019 · № 210
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы № 4575-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын июнундагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2021 · № 4575-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 379-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 379-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4838-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 22.09.2021 · № 4838
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3110-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2019 · № 3110-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3191-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2019 · № 3191-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 4769-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 28-июлундагы жыйналышынын күн тартиби бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2021 · № 4769-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы № 1221-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 7-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 07.06.2023 · № 1221-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 4833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын сентябрындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2021 · № 4833
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-октябрындагы № 515-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 06.10.2022 · № 515-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 1021-VII "2023-жылдын 15-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 15.03.2023 · № 1021-VII
- Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 27 апреля 2023 года № 1110-VII "Об утверждении повестки дня заседания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 27 апреля 2023…Постановление · 27.04.2023 · № 1110-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 5-октябрындагы № 512-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 5-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 05.10.2022 · № 512-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 1896-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 28.09.2017 · № 1896-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 1888-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-2018-жылдардагы ишинин сессиялык…Постановление · 27.09.2017 · № 1888-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 5 февраля 2020 года № 3518-VI "Об утверждении календарного плана работы Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на февраль 2020 года"Постановление · 05.02.2020 · № 3518-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 4789-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2021 · № 4789-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 586-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.10.2022 · № 618
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 92 ""Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар…Постановление · 28.07.2021 · № 92
48 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.