Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-августу № 3 Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №242-т тескемесине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фондунун жана Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15-июлундагы №01-22/1768 чыгыш каттарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Экологиялык таза шаардык коомдук транспортту ишке киргизүү максатында Нарын шаарына республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттер аркылуу 76,0 млн.сомдук 5 (беш) бирдик электробустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн бөлдүрүп алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага
А.Молдосалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 242-т (Электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 30.04.2022 · № 242-р
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон