Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча кошумча иш-чаралардын планы жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 25-январы № 25-т Жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун мындан ары күчтөндүрүү, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында контрабандага жана экономикалык кылмыштарга карты күрөшүүгө бардык мамлекеттик институттардын жана жарандардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча кошумча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча кошумча иш-чаралардын ПЛАНЫ
№
Милдет
Чаралар
Аткаруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжа
Жооптуу орган
1
Баткен облусунун аймагында товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү (контрабанда) фактыларын ыкчам аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана документтештирүү максатында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмин иштеп чыгуу
Баткен облусунун аймагында товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү (контрабанда) фактыларын аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана документтештирүү максатында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү
2022-жылдын 15-февралына чейин
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин бекитүү жөнүндө кызыктар органдар менен макулдашылган буйругун чыгарды
МБК (топтоо), ИИМ, УКМК, МСК, КРП Баткен облусундагы ЫУӨ
2
Контрабанданын предметтерин, анын ичинде тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган, талапка жооп берген атайын жабдылган курулмаларды, жайларды же ачык аянтчаларды аныктоо жана берүү
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында контрабанданын фактыларын аныктоонун интенсивдүүлүгүн баалоого жана талдоого ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн контрабанданын предметтерин, анын ичинде тез бузулуучу товарларды жана продукцияны убактылуу сактоо үчүн арналган атайын жабдылган курулмаларды, жайларды же ачык аянтчаларды аныктоо жөнүндө чечимин кабыл алуу
2022-жылдын 1- мартына чейин
Контрабанданын предметтерин сактоо үчүн, ал эми алардын айрым бөлүктөрү тез бузулуучу товарлардын жана буюмдардын категориясына кирген контрабандалык предметтерди убактылуу сактоо үчүн пайдаланылган талапка жооп берген курулмалар, жайлар же ачык аянттар даярдалды жана жабдылды
КРП Баткен облусундагы ЫУӨ, УКМК, МБЖ, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
3
Контрабанданын предметтерин, анын ичинде тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан аныкталган атайын жабдылган курулмалардын, жайлардын же ачык аянтчалардын аймагында бажылык контролдун убактылуу зоналарын түзүү жана белгилөө
Тийиштүү чечимдерди кабыл алуу
Атайын жабдылган курулмалардын, жайлардын же ачык аянттардын берилишине жараша
Бажылык контролдоо зонасын түзүү жана аныктоо жөнүндө тийиштүү акт иштелип чыкты
МБК
4
Контрабанданын предмети болгон кармалган жүктүн сакталышын камсыздоо
Аймакты жана убактылуу сактоодо турган товарларды кайтаруу системасын орнотуу
Убактылуу сактоодо турган товарлардын келгенине жараша
Контрабанданын предмети болгон товарларга уруксатсыз кирүүгө жол берилбейт
ИИМ, КРП Баткен облусундагы ЫУӨ
5
Контрабанданын предметтерин убактылуу сактоочу кампасынын белгиленген талаптарга жооп беришин камсыз кылуу
Тийиштүү актыны иштеп чыгуу
2022-жылдын 1- мартына чейин
Контрабанданын предметтерин убактылуу сактоо кампаларынын статусун аныктоочу тиешелүү акт даярдалды; контрабанданын предмети болгон кармалган жүктүн сакталышы камсыздалды
МБК, ИИМ, КРП Баткен облусундагы ЫУӨ
6
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү пункттарынан жана башка белгиленген жерлерден мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен күрөштү күчөтүү, ошондой эле аталган укук бузуулар үчүн аталган кодекстердин ченемдерин бузуу үчүн санкцияларга теңдеш кылып жоопкерчиликти күчөткөн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү
Товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү пункттарынан жана башка белгиленген жерлерден, бажы органдарынын белгиленген иш убактысынан бөлөк мезгилде мыйзамсыз алып өтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
2022-жылдын 10-мартына чейин
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (231-б.) жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (31, 36, 372, 512-беренелер) тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди
ЮМ, МБК, ИИМ, УКМК, БП (макулдашуу боюнча)
7
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине, ошондой эле Баткен облусунун аймагында контрабанда фактылары жөнүндө билдирген адамдарга материалдык дем берүү аркылуу мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине, ошондой эле Баткен облусундагы контрабанда фактылары жөнүндө билдирген адамдарга материалдык дем берүү механизмин иштеп чыгуу
2022-жылдын 1- мартына чейин
Каражаттарды өз убагында которуу үчүн контрабандалык фактылар боюнча укук бузуулардын жана (же) кылмыштардын куралдары же объекттери болгон предметтерди сатуудан республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө актынын долбоору иштелип чыкты
ФМ, МБК, УКМК, ИИМ, КРП Баткен облусундагы ЫУӨ, БП (макулдашуу боюнча)
8
Турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар үчүн, ошондой эле социалдык стационардык мекемелер менен медициналык мекемелер үчүн убактылуу сактоо кампаларына коюлган тез бузулуучу продукцияны өз убагында бөлүштүрүүнү камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б буйругу менен бекитилген Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн тартибин жетекчиликке алып комиссиялык бөлүштүрүүнү жүргүзүү
Тез бузулуучу продукциянын контрабандасы аныкталганына жараша
Тез бузулуучу продукцияны өз убагында бөлүштүрүү
КРП Баткен облусундагы ЫУӨ, ЭСКММ, ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
9
Облустун аймагында контрабандалык жол менен алынган товарларды жана продукцияны сатуу боюнча Баткен облусунун аймагында ишкердик субъекттерин текшерүүнүн өзгөчө тартибин иштеп чыгуу маселеси боюнча мыйзамдарга талдоо жүргүзүү
Баткен облусунун аймагында ишкердик субъекттери үчүн текшерүүнүн өзгөчө тартибин мындан ары иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү менен ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү маселелерине тиешеси бар бардык актыларга талдоо жүргүзүү
2022-жылдын 10-мартына чейин
Баткен облусунун аймагында иштеп жаткан ишкердик субъекттер жөнүндө аналитикалык тил кат даярдалды жана зарыл болгон тийиштүү актылардын долбоорлору иштелип чыкты
ЭКМ, МБК, УКМК, БП (макулдашуу боюнча)
10
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын шарттуу линиясынан 1000 м чейинки аралыкта чарбалык, өндүрүштүк, уулоочулук, соодалык жана башка ишти жүргүзүүгө тыюу салууну караштыруу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
2022-жылдын 1-мартына чейин
Тийиштүү өзгөртүүлөр белгиленген тартипте киргизилди
УКМК
11
Баткен облусунун аймагында товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү (контрабанда) фактыларын аныктоодо, болтурбоодо, бөгөт коюуда жана документтештирүүдө жана кылмыш иштерин тергөөдө мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин мыйзамдуулугуна, ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы иштер боюнча сотто мамлекеттик айыптоонун сапаттуу жүргүзүүнү камсыз кылууга көзөмөлдү күчөтүү
Баткен облусунун аймагында товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү (контрабанда) фактыларын аныктоодо, болтурбоодо, бөгөт коюуда жана документтештирүүдө жана кылмыш иштерин тергөөдө мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин мыйзамдуулугуна, ошондой эле көрсөтүлгөн категория боюнча сотто мамлекеттик айыптоонун сапаттуу жүргүзүлүшүн камсыз кылууга көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө көрсөтмөнү даярдоо
2022-жылдын 15- февралына чейин
Төмөн турган прокурорлорго, укук коргоо органдарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Баткен облусунун аймагында товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү (контрабанда) фактыларын аныктоодо, болтурбоодо, бөгөт коюуда жана документтештирүүдө жана кылмыш иштерин тергөөдө мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин сапатын камсыздоо, ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы иштер боюнча сотто мамлекеттик айыптоонун сапаттуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жөнүндө көрсөтмө берилди
БП (макулдашуу боюнча)
12
Укуктук маалымат берүү, түшүндүрүү жана укук бузуулардын алдын алуу аркылуу контрабандага бөгөт коюуга багытталган калкты укуктук агартууну камсыздоо
Укуктук маалымат берүү, түшүндүрүү жана укук бузуулардын алдын алуу аркылуу контрабандага бөгөт коюуга багытталган калкты укуктук агартуу боюнча маалыматтык компанияны жүргүзүү
Туруктуу негизде
Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу
ЮМ, КРП Баткен облусундагы ЫУӨ
Кыскартуулардын тизмеси:
БП
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
ИИМ
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
ЮМ
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
УКМК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
МСК
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
МБК
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
КРП Баткен облусундагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
ЖМА
-
жергиликтүү мамлекеттик администрация.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелигдеги № 172 "Чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.04.2016 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 110-б (Калктын социалдык жактан аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.03.2020 · № 110-р
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127