Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (КР Министрлер Кабинетинин буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 1-декабры № 304-т Тажикстан Республикасынын жарандары – Кыргыз Республикасындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин өлкөгө кирүүсүнүн, чыгуусунун жана жүрүүсүнүн маселелерин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы №12-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “ − Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, Кыргыз Республикасында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүн (туугандык мамилелерин документтик түрдө тастыктаганда), аккредиттелген же дипломаттык/кызматтык паспорту бар болсо, алар болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча;”; жетинчи абзацтагы “сурамы” деген сөз “каты” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 11-пункттун экинчи абзацындагы “жана алтынчы” деген сөздөр “, алтынчы жана жетинчи” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул тескеме расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-р (2021 -жылдын 29-апрелинен тартып кыргыз-тажик мамлекеттик Тажикстан Республикасына(нан) товарларды жана транзиттик…Распоряжение · 21.05.2021 · № 12-р