Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-марты № 157-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогундагы айрым өткөрүү пункттарынын иштешин кайрадан улантуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-б тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта "Кайрагач-автожол", "Кызыл-Бел-автожол"," деген сөздөр алып салынсын;
- 1-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда "Кайрагач-автожол", "Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү пункттарынын иштеши кайрадан улантылгандыгы тууралуу кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-р (2021 -жылдын 29-апрелинен тартып кыргыз-тажик мамлекеттик Тажикстан Республикасына(нан) товарларды жана транзиттик…Распоряжение · 21.05.2021 · № 12-р