Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Экономиканы кыска мөөнөттүү мезгилде турукташтыруу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 5-ноябры № 358-б (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 374-б буйругунун редакциясына ылайык) Экономиканы кыска мөөнөттүү мезгилде турукташтыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Планды аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана тейлеген багыттары боюнча тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Н.Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 374-б буйругунун редакциясына ылайык)
№
Милдеттер
Чаралар
Индикатор/ күтүлүүчү натыйжа
Жооптуулар
Аткаруу мөөнөтү
Каржылоо булактары
Чакан жана орто бизнести колдоо жана инвесторлорду коргоо
1
Бизнести жана ири ишканаларды коргоого кепилдиктерди камсыздоо
Ири ишканаларды коргоону камсыздоо
Ири ишканаларга күзөт постторун коюу
ИИМ, ӨЭЖМК
2020-жылдын 10-ноябры
Ишканалардын өздүк каражаттары
Ири ишканаларды стратегиялык объекттердин тизмесине киргизүү
Стратегиялык объекттердин тизмесин кеңейтүү
ӨЭЖМК, УКМК
2020-жылдын 15-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
2
Жумуш орундарын жана региондордун өнөр-жайлык потенциалын сактоо
2020-жылы ишин токтоткон ишканалардын ишин жандандыруу жана тизмесин түзүү
Түзүлгөн тизмедеги ишканалардын 50% ишмердигин жандантты
ӨЭЖМК, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
3
Тоо кен ишканаларынын каражаттарынын эсебинен түзүлүүчү региондорду өнүктүрүү фонддорунун эсебинен региондордо ишкердик субъекттердин экономикалык ишмердигине дем берүү
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү
Инвестициялык бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Фонддордун каражаттарын жиберүүгө мүмкүндүк берген ченемдик укуктук базаны түзүү
ЭМ, ФМ, ӨЭЖМК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрында № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү
ЭМ
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
4
Мамлекеттин катышуусунун 100% үлүшү менен Кыргыз Республикасынын финансы мекемелеринин депозиттик эсептеринде жер казынасын пайдалануучулардын рекультивациялык каражаттарын топтоо
Тийиштүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Мамлекеттик программаларды каржылоо (лизинг, ипотека, чакан жана орто бизнести насыялоо) үчүн рекультивациялык каражаттарды (300 млн. сомдон ашуун) пайдалануу
ӨЭЖМК, ФМ, ЭМ, Экотехинспекция
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
5
"CASA-1000" долбоорун иш жүзүндө ишке ашыруу
Тийиштүү уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана кабыл алуу
"CASA-1000" долбоорунун алкагында энергия объекттеринин курулушунун башталышы
ӨЭЖМК, АЧТММ, ТЖМ, Жер агенттиги, Суу агенттиги, Курулуш агенттиги, Токой агенттиги, КРӨ Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, макулдашуу боюнча: Улуттук энергохолдинг ААК, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК
2020-жылдын 15-декабры
Эл аралык өнүктүрүү агенттиги, Европа инвестициялык банкы, Ислам өнүктүрүү банкы
6
"Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводунун ишин жандандыруу
Курамында мунай бар чийки затты жана мунайды кайра иштетүүдө технологиялык жоготууларды аныктоо боюнча тийиштүү чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу
"Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү
ӨЭЖМК, ЭМ, Финкөзөмөл, МСК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
7
Социалдык маанидеги айыл чарба товарларынын жана тамак-аш азыктарынын зарыл болгон корун камсыздоо
Социалдык маанидеги айыл чарба товарларын жана тамак-аш азыктарынын жетиштүү деңгээлдеги корун камсыздоо боюнча ири соода түйүндөрүнүн ээлерине, азык-түлүк товарларынын ташуучулары, ири өндүрүүчүлөр менен жолугушууларды уюштуруу
Социалдык маанидеги айыл чарба товарларынын жана тамак-аш азыктарынын корун түзүү
АЧТММ. ЭМ, Монополияга каршы агенттик, МСК, ЭККМК, ММРФ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
8
Социалдык маанидеги айыл чарба товарларына жана тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу
Социалдык маанидеги айыл чарба товарларына жана тамак-аш азыктарына бааларды талдоо жана мониторингдөөнү жүргүзүү жана алардын баасы кескин кымбаттаган учурда ыкчам чараларды иштеп чыгуу
Баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө
Монополияга каршы агенттик, ЭККМК, ЭМ, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
9
Салыктар, социалдык төгүмдөр жана статистика боюнча отчетторду берүүнү жөнөкөйлөштүрүү
Камсыздандыруу төгүмдөрү, статистикалык маалыматтар жана салыктык милдеттенмелер боюнча бирдиктүү отчетту этабы менен киргизүү
Бирдиктүү отчетту киргизүү үчүн укуктук база түзүү
ЭМ, МСК, Соцфонд, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 20-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
10
Салык жана социалдык төгүмдөр боюнча карыздарды кыскартуу
Милдеттенмелердин негизги суммасын жабуунун шартында айыптарды жана туумду толугу менен кечип жиберүү аркылуу салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ишканаларды чыңдоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүү, 10%дан кем эмес карыздар кыскартуу
МСК, Соцфонд
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
11
Капиталдарды жана мүлктөрдү легалдаштыруу менен байланышкан кандайдыр бир төлөмдөрдү алуудан бошотуу жана мүлктөрдү сактоого кепилдик берүү менен капиталды жана мүлктү легалдаштырууну жүргүзүү
Төмөнкү мыйзам долбоорлорун жылдыруу:
- капиталдарды жана мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча;
- капиталдарды жана мүлктөрдү легалдаштырууда кылмыш жоопкерчилигин колдонбоо жөнүндө
Көмүскөдөгү мүлктүн деңгээлинин азайышы жана мыйзамдуу жүгүртүүдө кирешелердин жогорулашы
ЭМ, ФМ, ЮМ, МСК, Соцфонд, Улуттук банк (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, Финчалгындоо, УКМК, ИИМ, ЭККМК
2020-жылдын 15-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
12
Ишкердик субъекттердин ишине айрым укук коргоо органдарынын негизсиз жана ашыкча текшерүүлөрүн кыскартуу
2021-жылдын 1-июлуна чейин салыктык көчмө текшерүүлөргө чектөө киргизүү
Салык органдары тарабынан пландуу көчмө текшерүүлөрдү токтотуу
МСК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн ишкердик субъекттерди текшерүүгө мораторий жарыялоо
Укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттерди текшерүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү
ЭМ, ИИМ, ЭККМК, УКМК
2020-жылдын 20-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
13
Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо
Мамлекеттик сатып алууларда салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу компоненттерин милдеттүү түрдө колдонуу боюнча талаптарды киргизүү
Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн продукцияларды мамлекеттик органдар тарабынан сатып алуулардын көлөмүнүн көбөйүшү
ЭМ, МСК, ФМ
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Улуттук режимден алууну караган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу
ЭМ, ФМ
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
14
Мамлекеттик сатып алуулардын ачык механизмин колдонуу
Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө каржы операцияларын байкоонун электрондук механизмин киргизүү үчүн мыйзамдык базаны даярдоо
Мамлекеттик сатып алуулар үчүн жаңы инструментти аныктоо
ФМ, Улуттук банк (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 20-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
15
Пандемиянын (COVID-19) шартында рыноктогу продукциянын таңкыстыгын алдын алуу
Пандемиянын (COVID-19) шартында жеке коргоочу каражаттардын сериялык чыгарылган продукцияларын сертификациялоодо убактылуу чараларды иштеп чыгуу жана бекитүү
Сертификациялоону киргизген ишканалардын санынын көбөйүшү
ЭМ
2020-жылдын 20-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
16
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруу үчүн мыйзамдык базаны жакшыртуу
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү
Жеке өнөктөштү тандоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
ЭМ, МЖӨ Борбору
2020-жылдын 30-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
17
Орто мөөнөттөгү мезгилге Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн артыкчылыктуу ири долбоорлорунун тизмесин түзүү
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн артыкчылыктуу ири долбоорлорун демилгелөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин иштеп чыгуу
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн артыкчылыктуу ири долбоорлорунун тизмесин бекитүү
ЭМ, МЖӨ Борбору
2020-жылдын 25-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
18
Саламаттыкты сактоо, бажы логистика, билим берүү жана спорт чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлору үчүн жеке өнөктөштү тандоо
Мамлекеттик өнөктөштөр тарабынан 3 илгерилетилген МЖӨ долбоорлору боюнча жеке өнөктөштү тандоого тендер жарыялоо
Жеке өнөктөш менен келишимге кол коюу
Тескеген багыттары боюнча: ССМ, МБК, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), МЖӨ Борбору
2020-жылдын 30-декабры
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттары
19
Ири МЖӨ долбоорлорун демилгелөө:
1) "Административдик шаарчаны куруу";
2) "Кыргыз Республикасынын аймагында чакан ГЭСтерди куруу (Киров чакан ГЭС; Папан чакан ГЭС; Кара-Көл чакан ГЭС; Орто-Токой чакан ГЭС)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ири долбоорлорду демилгелөө жөнүндө чечимин иштеп чыгуу:
- административдик шаарчаны куруу;
МЖӨ ири долбоорлорун ишке киргизүү үчүн укуктук база түзүлдү
ММБФ, МЖӨ Борбору, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасы (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары, жеке өнөктөштүн каражаттары, гранттык каражаттар
- Кыргыз Республикасынын аймагында чакан ГЭСтерди куруу
ӨЭЖМК, Улуттук энергохолдинг ААК (макулдашуу боюнча), МЖӨ Борбору
20
Мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдү укуктук жактан коргоону камсыздоо жана ыйгарым укуктуу органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу
МЖӨ долбоорлорун ишке ашырып жаткан мамлекеттик өнөктөштөрдүн жана мамлекеттик жеке өнөктөштөрдүн долбоорлорун текшерүүгө мораторий жарыялоо
МЖӨ долбоорлорун ишке ашырып жаткан мамлекеттик өнөктөштөрдүн жана мамлекеттик жеке өнөктөштөрдүн долбоорлорун текшерүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү
ЭМ, МЖӨ Борбору
2020-жылдын 25-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
21
Экономикалык кылмыштарды декриминализациялоо
Сотко чейинки чаралар убагында экономикалык кылмыштар боюнча эркиндикти чектөө ченемдерин алып салуу механизмдерин түзүү
Экономикалык кылмыштарды декриминализациялоо үчүн укуктук негиз түзүү
Финкөзөмөл, ЭМ, ИИМ, ЭККМК, ЮМ
2020-жылдын 15-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүдө экономикалык кылмыштар боюнча жарандардын эркиндигин чектөө ченемдерин алып салуу механизмин түзүү
22
Инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу
Кыргыз Республикасынын өндүрүш секторлоруна инвестиция салууга даяр чет элдик инвесторлор үчүн жашап турууга уруксат берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмдерин иштеп чыгуу
Жөнөкөйлөштүрүлгөн схема боюнча жашап турууга мүмкүндүк берген ченемди аныктоо
ЭМ, ТИМ, Инвестиция агенттиги, Миграция кызматы, Мамкаттоо, УКМК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Инвесторлордун даттанууларын коштоо жана кароонун тартибин иштеп чыгуу
Инвесторлорго маалыматтык-консультативдик көмөк көрсөтүү жана өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары кеңейтүү
Инвестиция агенттиги, ЭМ
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Андан ары инвесторлорго көмөк көрсөтүү үчүн инвестициялык саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциясына инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоону киргизүү
Бюджетти колдоо
23
Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдү узартуу
Тышкы карызды социалдык, экологиялык жана жашыл программаларга алмаштыруу боюнча негизги кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын тышкы карызын узартуу процессин баштоо
ФМ, ТИМ, Улуттук банк (макулдашуу боюнча), ЭМ
2020-жылдын 25-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
24
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча электрондук соода аянтчаларын толук кандуу ишке киргизүү
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча электрондук соода аянтчаларын ишке киргизүү
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн кирешелердин көбөйүшү
ММБФ
2021-жылдын 15-январы
Республикалык бюджеттин каражаттары
Экспорттук-импорттук операцияларды колдоо
25
Электрондук декларациялоо тутумунун улуттук прототибин киргизүү
Электрондук декларациялоо порталын ишке киргизүү. "Электрондук чек аралар" тутумчасын пилоттук сыноодон өткөрүү (алдын ала маалымдоо, аралыктан декларациялоо жана транзиттөө)
Электрондук документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын базасына маалыматтарды берүү жана түзүү, кабыл алуу мүмкүндүгүн жеткирүүчүлөргө камсыз кылуучу "Декларанттын жеке бөлмөсүн" иштеп чыгуу
МСК, ЭМ, МФ, МТБМК
2020-жылдын 30-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары жана/же тартылган донордук каражаттар
26
Ташылган товарларга карата (навигациялык пломбалар) электрондук байкоочу каражаттарды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү
Казакстан Республикасы аркылуу экспорттолгон товарларды тоскоолдуксуз транзиттөөнү камсыздоо
Байкоочу электрондук каражаттарды колдонуу менен транзиттелген товарларды ташууну жүргүзүү (навигациялык пломбалар)
МСК, МБК, ТЖМ, ЭМ
2020-жылдын 10-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
27
Киргизилген автоунаа каражаттарына жана товарларга карата чек арада жүргүзүлгөн жол-жоболордун ачыктыгын камсыздоо
"Чалдовар автожол" пунктунда товарлардын эсебине "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалымат тутумунун пилоттук долбоорун ишке киргизүү
Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарларга башкарууну жакшыртуу
МСК, ТЖМ, АЧТММ, ИИМ, МТБМК, МЧК, ЭККМК
2020-жылдын 15-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары, донордук уюмдардын каражаттары
28
Салмак габарит көзөмөл функцияларын жүргүзүүдө санариптик технологияларды киргизүү
Жүк ташуучу унаа каражаттарынын салмак габариттүү параметрлеринин бузууларын автоматтык түрдө фиксациялоо кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуунун конкурстук жол-жоболорун өткөрүү (Коопсуз шаар долбоору сыяктуу)
Салмак габарит көзөмөлү боюнча башкарууну жакшыртуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу
ТЖМ, ФМ, МТБМК, МСК, Кызыкдар мамлекеттик органдар
2020-жылдын 25-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
29
"Торугарт" жана "Иркештам" текшерүү өткөрмө пункттары толук кандуу иштейт
Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын ортосунда жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү
Өткөрмө пункттарын толук кандуу ишке киргизүү
МБК, ТИМ, ЭМ, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
2020-жылдын 15-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
30
Экспорттоочуларды колдоо үчүн каржы механизмдерин киргизүү
Мамлекеттик үлүшү менен коммерциялык банктарда консультациялык коштоо, факторинг механизмдерин киргизүү
"РСК-Банк" ААК экспорттук-импорттук банкка айландыруу
ММБФ, ФМ, ЭМ, АЧТММ, Улуттук банк (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары, техникалык жардам
Кол коюлган экспорттук жана ички операциялардын келишимдеринин санынын көбөйүшү үчүн экспорттук операциялардын факторинг каржылоо механизмдерин "РСК банк" ААК ишке киргизүү
МЭ, макулдашуу боюнча: Улуттук банк, "РСК банк" ААК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
31
Экспорттук операцияларды камсыздандыруу инструменттерин өнүктүрүү
Экспортту камсыздандыруунун жаңы продуктуларын түзүү боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү
Экспортту колдоонун жаңы инструменттери аныкталды
Финкөзөмөл, "Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы" ААК (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
32
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кайчылаш жылдын алкагында экспортту илгерилетүү боюнча иш жүзүндөгү иш чараларды өткөрүү
Россия Федерациясынын буйрутма берүүчүлөрү, дараметтүү сатып алуучулары менен В2В онлайн сүйлөшүүлөрдү ата мекендик өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн уюштуруу
В2В онлайн жолугушууга кыргыз тараптан 40тан кем эмес компания катышты
Инвестиция агенттиги, ТИМ, ЭМ, ӨЭЖМК, АЧТММ
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
33
www.export.gov.kg базасында тышкы рынокторго чыгуу үчүн колдонмону түзүү боюнча онлайн куралын иштеп чыгуу
Тышкы рынокко чыгуу боюнча колдонмону түзүү бөлүгүндө онлайнды куралды киргизүү
Дараметтүү экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн онлайн платформаны ишке киргизүү
Инвестиция агенттиги
2020-жылдын 15-декабры
Донордук уюмдардын каражаттары
Секторлорду санариптештирүү
34
Товарларды маркалоонун санариптик тутумун киргизүү
Алкоголдук жана тамеки буюмдарын маркалоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү
Идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун автоматташтырылган маалымат тутумун киргизүү, көмүскө экономикадан чыгаруу, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшү, контрафакттык продукция менен күрөшүү
МСК, маркалоонун Улуттук оператору, МТБМК
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары, донордук каражаттар
Дары-дармек каражаттарына маркалоону киргизүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүү
ССМ, МСК, маркалоонун Улуттук оператору, МТБМК
2020-жылдын 15-декабры
Товарлардын улуттук каталогун киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасында товарлардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү
ЭМ, ФМ, МТБМК, МСК, МБК, Улутстатком (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
35
Банк кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана сапатты жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Төлөмдөрдү жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүү (NFC, мобилдик POS-терминалдар)
Байланышсыз төлүмдөрдүн көбөйүшү
Макулдашуу боюнча: Улуттук банк, коммерциялык банктар
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
36
Үчүнчү өлкөлөр менен тарифтик эмес жөнгө салуу колдонулган чараларга карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү товарларынын тизмесине киргизилген импорттолуучу/экспорттолуучу спецификалык товарларга лицензияларды берүүнүн электрондук тутумуна өтүү
Үчүнчү өлкөлөр менен тарифтик эмес жөнгө салуу колдонулган чараларга карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү товарларынын тизмесине киргизилген импорттолуучу/экспорттолуучу спецификалык товарларга лицензияларды берүүнү автоматташтыруу
Электрондук лицензияларды берүү процесстери автоматташтырылды
ЭМ, АЧТММ, ИИМ, ССМ, ММТМ, УКМК, ӨЭЖМК, Токой агенттиги, МТБМК, Ветфитосанинспекция, МБК, ФМ
2020-жылдын 25-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
37
Онлайн режимде жер казынасын пайдаланууга укук берүүгө электрондук аукциондорду өткөрүү
Электрондук аукциондорду өткөрүү үчүн учурдагы маалымат тутумдарына талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү
Электрондук аукциондорду өткөрүүнүн маалымат тутумун аныктоо
МТБМК, ӨЭЖМК
2020-жылдын 25-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
38
Электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн 100дөн ашуун түрү менен камсыздоо жана 20дан ашуун маалымдамалар автоматташтырылды
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын функциясын жеткире иштеп чыгуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүү жана ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу 100дөн кем эмес кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режимде берүү. Идентификациялоонун бирдиктүү тутуму аркылуу 10000ден кем эмес жарандар каттоодон өтүштү
МТБМК, онлайн кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар
2020-жылдын 20-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана бизнести жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү
39
Бишкек шаарында салык төлөөчүлөрдү тейлөөгө көп функционалдуу борборду ишке киргизүү
Иш жүзүндөгү иш аракеттер
Салык төлөөчүлөргө тейлөө борборунун кызмат көрсөтүүлөрүн берүү
МСК, ФМ, ММБФ
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
40
Салык төлөөчүлөрдүн ишмердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында салык алымдарын жөнөкөйлөштүрүү (4 пайыздык бирдиктүү салык)
Салыктык башкаруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасында бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүү
ЭМ, МСК, МБК
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүү
ЭМ, ФМ, ЮМ, МСК, МБК
2020-жылдын 15-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү атап айтканда:
- салык саясатын жүргүзүүдө күтүлгөндөй жана улантуучулук шарттарды түзүү;
- социалдык төгүмдөрдү башкарууну
ЭМ, МСК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
регламенттеген учурдагы мыйзамдарга салыктык мыйзамдарды шайкеш келтирүү
- камералык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктык санкция колдонулбайт;
- документалдык тастыктоосу жок болсо көчмө текшерүүгө тыюу салынат
Салык төлөөчүлөрдүн рейтинг тутумун киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү
Салык төлөөчүлөрдүн рейтинг тутумунун пилоттук долбоорун киргизүү
ЭМ, МСК, МБК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
41
Ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча чараларды сактоо бөлүгүндө ишкердик субъекттерин колдоо
Ченөө каражаттарынын убакыт аралыгынын мөөнөттөрүн карап чыгуу боюнча ченемдик укуктук акты кабыл алуу
Ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча чараларды сактоо бөлүгүндө ишкердик субъекттерин каржы жүгүн азайтуу
ЭМ
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
42
Бекитилген графикке ылайык, бирдиктүү казына эсебине социалдык төгүмдөр боюнча бардык төлөмдөрдү которуу
Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү
Социалдык төлөмдөрдү жүргүзүү жол-жоболорун оптималдаштыруу
ФМ, Соцфонд, МСК
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
43
Бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган ыкчам чечимдерди киргизүү
Экономикалык реформалар боюнча комиссия түзүү
Бизнести колдоого багытталган мамлекеттик процесстерди оптималдаштыруу
КРӨА
2020-жылдын 15-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
44
Мамлекеттик башкаруунун кайталаган функцияларын ачыктоо үчүн мамлекеттик башкаруу органдарына функционалдык талдоо жүргүзүү
Экономикалык реформалар боюнча комиссия түзүү
Мамлекеттик органдардын жоопкерчилигине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына чектөөлөрдү жүргүзүү
КРӨА
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
45
Ишкердик субъекттерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына ишкердик субъекттерди каттоо функцияларын өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу
ЭМ, МСК, ЮМ
2020-жылдын 25-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
46
Бажы жана салык органдарында кадр саясатын комплекстүү кайра карап чыгуу, анын ичинде учурдагы кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу, кадр ресурстарын тандоо жана бөлүштүрүү жол-жоболорун кайра карап чыгуу
Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү
Бажы жана салык органдарынын кызматкерлеринин учурдагы жоопкерчилигин жана жумуштан кетирүү, которуу (ротация) тартибин кайра карап чыгуу
МБК, МСК, Кадрлар кызматы (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 1-декабры
Республикалык бюджеттин каражаттары
47
Сотко чейинки жана сот инстанцияларында салыктык талаш-тартыштарды кароонун альтернативдик механизмдерин түзүү
Төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун жылдыруу:
- салыктык талаш-тартыштарды кароонун механизмдерин кайра карап чыгуу;
- салыктык талаш-тартыштарды кароо учурунда акыркы чечим кабыл алган бейтарап сотту киргизүү
Бейтарап соттор тарабынан каралган салык талаш-тартыштарынын санынын көбөйүшү
ЭМ, ЮМ, МСК, ЭККМК, МБК, Жогорку сот (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 20-ноябры
Республикалык бюджеттин каражаттары
Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга колдоо көрсөтүү
48
Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга пайыздарды төлөөдөн үч айга бошотуу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык жана финансылык системасынын туруктуулугун камсыздоо
100,0 миң сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча толук түшпөй калган пайыздардан/кошмо баалардан келип чыккан чыгымдарды финансы-кредиттик мекемелерге компенсациялоо
Пайыздарды төлөө боюнча зайымчыларга финансылык колдоо көрсөтүү
ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 15-марты
Республикалык бюджеттин каражаттары
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 10-ноябры № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.07.2019 · № 95 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90