Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 13-ноябры № 374-б Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 358 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-аракеттеринин планы тиркемеге ылайык редакцияда алтынчы глава жана 48-пункт менен толукталсын.
Премьер-министр
С.Н.Жапаров
Тиркеме
№
Милдеттер
Чаралар
Индикатор/ күтүлүүчү натыйжа
Жооптуулар
Аткаруу мөөнөттөрү
Каржылоо булагы
Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга колдоо көрсөтүү
48
Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга пайыздарды төлөөдөн үч айга бошотуу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктык жана финансылык системасынын туруктуулугун камсыздоо
100,0 миң сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча толук түшпөй калган пайыздардан/кошмо баалардан келип чыккан чыгымдарды финансы-кредиттик мекемелерге компенсациялоо
Пайыздарды төлөө боюнча зайымчыларга финансылык колдоо көрсөтүү
ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча)
2020-жылдын 15-марты
Республикалык бюджеттин каражаттары
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 358-б (Экономиканы кыска мөөнөттүү мезгилде турукташтыруу) буйругуРаспоряжение · 05.11.2020 · № 358-р
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 358-б (Экономиканы кыска мөөнөттүү мезгилде турукташтыруу) буйругуРаспоряжение · 05.11.2020 · № 358-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон