Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 215-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 25 июня 2018 года № 222-р (Об обеспечении своевременного финансирования расходов государственно значимых мероприятий с участием Президента Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-25.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 215-б Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы администрациялоочу төлөмдөрдүн эсебинен 13 422 800 (он үч миллион төрт жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) сом суммасына көбөйтсүн жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин VI Саммитин өткөрүү үчүн 13 422 800 (он үч миллион төрт жүз жыйырма эки мин сегиз жүз) сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана майнаптуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 222-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз…Распоряжение · 25.06.2018 · № 222-р
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.12.2018 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)