Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы «Мамлекет- тик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 апреля 2021 года №128 "О вопросах подведомственных подразделений и организаций Министерства экономики и финансов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-04-01.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - МЖӨ борбору) - Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин илгерилетүү боюнча башкаруу функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
2. МЖӨ борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. МЖӨ борбору юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү бар.
4. МЖӨ борбору белгиленген тартипте банктарда, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
5. МЖӨ борборунун чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
МЖӨ борбору өз алдынча баланска жана Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы алыш-бериш эсептерине түшө турган киреше берүүчү ишти жүргүзүүгө укуктуу.
6. МЖӨ борбору министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, чет элдик инвесторлор, эл аралык уюмдар, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен иштейт.
7. Аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде - "Государственное учреждение "Центр государственно-частного партнерства" при Министерстве экономики Кыргызской Республики";
- мамлекеттик тилдеги кыска аталышы - "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "МЖӨ борбору" ММ";
- расмий тилдеги кыска аталышы - "ГУ "Центр ГЧП" при Министерстве экономики Кыргызской Республики".
8. МЖӨ борборунун юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
II. МЖӨ борборунун максаты
9. "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин максаты МЖӨ механизмдерин пайдалануу менен жеке сектордун башкаруу тажрыйбасы жана жеке инвестиция тартуу аркылуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык инфраструктуранын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун илгерилетүү болуп саналат.
III. МЖӨ борборунун милдеттери
10. МЖӨ борборунун милдеттери МЖӨ долбоорун башкаруу боюнча зарыл болгон системаны түзүү, анын ичинде мамлекеттик өнөктөштөргө ("Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталгандай) МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, даярдоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ар түрдүү социалдык-маанилүү тармактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо жана МЖӨ механизмдерин жайылтуу болуп саналат.
IV. МЖӨ борборунун функциялары
11. МЖӨ борбору өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү боюнча программалары менен пландарын ишке ашырат, ошондой эле мындай программалар менен пландардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдары, башка юридикалык жактары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине көмөк көрсөтөт;
- МЖӨ жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондуна методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо иштерин аткарат, Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун чечимдерин аткарат, ошондой эле Фонддун атынан Фонддун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасындагы МЖӨ боюнча кеңештин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо иштерин аткарат;
- МЖӨ боюнча кеңештин чечимдерин аткарат, ошондой эле МЖӨ боюнча кеңештин атынан МЖӨ боюнча кеңештин чечимдеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын январь айынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине өткөн жылдагы иштердин жыйынтыгы жөнүндө отчет берет;
- инфраструктураны өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын саясатынын артыкчылыктарына жараша МЖӨ боюнча потенциалдуу долбоорду издейт;
- Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен ишин координациялоого көмөк көрсөтөт;
- МЖӨ долбоорун демилгелөө боюнча мамлекеттик өнөктөштөргө сунуштарды киргизет;
- ишке ашырылып жаткан жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлору, ошондой эле башка МЖӨ демилгелери боюнча ачык базаны түзөт жана жүргүзөт;
- МЖӨнү өнүктүрүү деңгээли боюнча мамлекеттик өнөктөштөрдүн рейтингин жана МЖӨ долбоорлорунун катышуучуларынын рейтингин түзөт;
- МЖӨ маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды түзүп, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берет;
- МЖӨ долбоорлорун издөө, даярдоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик өнөктөштөрдүн натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүүчү методологиялык мүнөздөгү документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берет;
- ишке ашырылган МЖӨ долбоорлорунун жыйынтыктарын топтойт, талдайт жана жалпылайт, кыйла ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорун аныктап, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында тираж менен чыгаруу мүмкүндүгүн карайт;
- МЖӨ маселелери, анын ичинде МЖӨ долбоорлору боюнча соттук практика маселелери жөнүндө маалыматтык-сурап билүүчү жана аналитикалык адабияттарды иштеп чыгат жана басып чыгарат;
- МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, бизнес өкүлдөрүн жана бардык кызыкдар жактарды окутат;
- МЖӨ чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана МЖӨ чөйрөсүндө экономикалык жана укуктук билимдерди жайылтуу, МЖӨнү өнүктүрүүнүн негизги аспекттери жөнүндө кеңири маалымат берүү максатында кеңешмелерди, семинарларды, форумдарды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштурат;
- МЖӨнүн расмий веб-сайтын иштетүүгө жана колдоого жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорунун саясаты, аларды ишке ашыруу жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берет;
- максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды ишке ашырат;
- МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүү, каржылоо, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча мамлекеттик өнөктөштөргө консультация өткөрөт;
- МЖӨ долбоорлорунун натыйжалуулугуна, максатка ылайыктуулугуна, ишке ашыруу мүмкүндүгүнө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
- МЖӨ долбоорлорун демилгелөө боюнча сунуштарды, МЖӨ долбоорлору боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди (мындан ары - ТЭН), тендердик документтерди иштеп чыгат жана/же аларга экспертиза жана баалоо жүргүзөт;
- МЖӨ маселелери боюнча, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүү, каржылоо, ишке ашыруу жана коштоо, МЖӨ долбоорун баалоо маселелери боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
- МЖӨ долбоорунун максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт;
- потенциалдуу жана иштеп жаткан МЖӨ долбоорлорунун алкагында түзүлүүчү тендердик комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине, ошондой эле МЖӨ долбоору боюнча тендердин катышуучулары жана тендердин жеңүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- жергиликтүү жана чет өлкөлүк рыноктордо МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча мамлекеттик өнөктөштөргө колдоо көрсөтөт.
V. МЖӨ борборунун укуктары жана милдеттери
12. МЖӨ борбору ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- МЖӨ борборунун милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан керектүү материалдарды жана маалыматтарды, маалымкаттарды, эсептөөлөрдү, башка маалыматтарды жана документтерди сурап алууга;
- МЖӨ маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү жыйындарга, кеңешмелерге башка иш-чараларга катышууга;
- МЖӨ борборунун алдында турган милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илим изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга;
- өз компетенциясынын алкагында МЖӨ маселелери боюнча ишин жүргүзүүчү эл аралык уюмдар жана институттар менен кызматташууга;
- коомдук коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде бирикмелер, ассоциациялар жана фонддор менен эгерде алардын максаттары жана милдеттери МЖӨ борборунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келе турган болсо алар менен кызматташууга;
- МЖӨ маселеси боюнча консультация берүүгө, МЖӨ борборунун кызматкерлерин окутууга жана жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде башка кызматтарды көрсөтүүгө эксперттерди, адистерди, консультанттарды, анын ичинде чет элдик адистерди ишке тартууга;
- МЖӨ маселелери боюнча конференцияларга, семинарларга, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагында болуучу башка иш-чараларга катышуу үчүн МЖӨ борборунун кызматкерлерин жиберүүгө;
- МЖӨ борборунун каражаттарынын эсебинен МЖӨ борборунун кызматкерлерин квалификациясын жогорулатуу максатында окутууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттар менен техникалык жардамдарды алууга;
- чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет элдик инвесторлор менен өз компетенциясынын алкагында өз ара иштешүүгө;
- белгиленген тартипте материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укукка ээ болууга, жалпы юрисдикциядагы сотто доогер жана жоопкер катары катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ болууга.
13. МЖӨ борборунун иш тартиби жана кызматкерлеринин эс алуу убактысы, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет.
14. МЖӨ борбору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн, ошондой эле коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана МЖӨ борборунун кызматкерлеринин ден соолугуна жана эмгекке болгон жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- салык жана башка органдарга МЖӨ борборунун отчетторун өз убагында берүүгө, салыктарды жана башка жыйымдарды Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
- МЖӨ борборунун ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү сактоону камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө.
15. МЖӨ борборунун кызматкерлери мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде МЖӨ борборунда иштөөнү токтоткондон кийин да сактоого милдеттүү.
16. МЖӨ борбору келишимдик, кредиттик, эсептешүү, салыктык жана башка милдеттерди бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
VI. МЖӨ борборунун ишин уюштуруу
17. МЖӨ борборун Кыргыз Республикасынын Экономика министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
18. Директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат жана ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
19. Директор:
- МЖӨ борборунун ишин жетектейт жана МЖӨ борборуна жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышына жана анын ишинин жыйынтыгына жоопкерчилик тартат;
- МЖӨ борборунун кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында, мекемелеринде коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним кат берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт.
- МЖӨ борборун жетектейт жана анын атынан ишеним катсыз иштейт;
- өз компетенциясынын чегинде МЖӨ борборунун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат жана көрсөтмө берет;
- МЖӨ борборунун бухгалтеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- МЖӨ борборунун ички иш тартибин жана кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- МЖӨ борборунун кызматкерлерине карата тартиптик чараларын колдонот;
- МЖӨ борборунун артыкчылыктуу иштеген кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине мындай кызматкерлерге ардактуу наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарын берүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
- белгиленген штаттык сандын чегинде МЖӨ борборунун штаттык санынын жана түзүмүнүн долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Экономика министринин кароосуна киргизет.
20. МЖӨ борборунун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
МЖӨ борборунда директордун орун басарынын кызматы каралган, ал МЖӨ борборунун директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чектеринде аткарат. МЖӨ борборунда директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат. VII. МЖӨ борборунун мүлкү жана финансылык-чарбалык иштери
21. МЖӨ борбору өзүнө таандык болгон мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык ыкчам башкаруу укугунда ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
22. МЖӨ борборунун мүлкүн МЖӨ борборунун балансында чагылдырылган анын түзүмүнө кирүүчү өндүрүштүк иш үчүн зарыл болгон негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт. МЖӨ борборунан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана башка мүлкүн алып коюу жеке менчик ээсинин чечими боюнча жол берилет.
23. МЖӨ борборунун мүлкүн түзүүчү булактар төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик жана чет элдик өнөктөр, жеке жана юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдин негизинде аткарылган иштерден жана кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешелер;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
- гранттар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
VIII. МЖӨ борборун жоюу жана кайра уюштуруу
24. МЖӨ борборун жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
25. МЖӨ борборун кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. МЖӨ борбору ишин токтоткон учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.07.2019 · № 95 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-июлундагы № 280-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору"…Распоряжение · 26.07.2019 · № 280-р
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон