Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 „Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 марта 2022 года № 182 "Об условиях оплаты труда работников организаций здравоохранения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-сентябры № 451 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин сапатын жана натыйжасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жободо:
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Үй-бүлөлүк медайым күбөлүгү бар үй-бүлөлүк медициналык айымдарга, ошондой эле фельдшердик-акушердик пункттардын ортоңку персоналына кызмат орду боюнча базалык маянасынын 30 пайызы өлчөмдө кошумча белгиленет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-глава менен толукталсын:
"9. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча акыны белгилөөнүн жана эсептөөнүн тартиби
51. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын (мындан ары - БМСЖ саламаттык сактоо уюмдары) жалпы практикадагы дарыгерлерине индикаторлордун негизинде ишинин натыйжасы үчүн акы төлөөгө каражаттар республикалык бюджеттин каражатынан куралат.
Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине иштин жакшы натыйжасы үчүн акы ушул Жобонун 52-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ) тарабынан бекитилүүчү базалык ченемдин негизинде эсептелет.
52. ММК фонду үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана жалпы практикадагы дарыгерлерге төлөө үчүн каражатты БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикадагы дарыгерлердин иш жүзүндөгү санынын негизинде эсептелген арыздары боюнча бөлүштүрөт.
Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине төлөөчү каражаттар төмөндөгү формула боюнча эсептелет: ТК = БЧ х ҮБИС, мында: ТК - үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине төлөөчү каражаттар; БЧ - республика боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлеринин штаттык санын эсепке алуу менен эсептелген базалык ченем; ҮБИС - үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлеринин иш жүзүндөгү саны.
53. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөөчү акынын өлчөмү уюмдагы натыйжалуулуктун коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентин ошол үй-бүлөлүк дарыгердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмунун жалпы практикадагы дарыгеринин ишинин натыйжалуулугунун коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет:
АӨ = НКАЭ х НК, мында: АӨ - үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы практикадагы дарыгерлерине ишин индикаторлордун негизинде баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөнүүчү акынын өлчөмү; НКАЭ - БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы натыйжалуулук коэффициентинин бирдигинин акчалай эквивалентинин өлчөмү; НК - үй-бүлөлүк дарыгердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы жалпы практикадагы дарыгердин ишинин натыйжалуулук коэффициенти. НКАЭ = ТК / НКС, мында: ТК - үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы жалпы практикадагы дарыгерлерге төлөнүүчү каражат; НКС - үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин натыйжалуулук коэффициентинин суммасы; НКС = НК1+ НК2 + НК3 + НК4 + ... + КCN, мында: НК (1:N) - үй-бүлөлүк дарыгердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмундагы жалпы практикадагы дарыгердин ишинин натыйжасынын коэффициенти.
54. Натыйжалардын (индикаторлордун) критерийлери амбулатордук клиникалык-маалыматтык формаларды жана статистикалык, медициналык маалыматтарды эске алуу менен белгиленет, алар үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин ишинин натыйжалуулук коэффициенттерин (индикаторлорун) эсептөө үчүн колдонулат. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин ишин баалоонун натыйжаларынын критерийлери (индикаторлору) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилет.
55. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин ишинин натыйжалуулук коэффициенттери негизги кызмат орду боюнча гана бир ставкага эсептелет.
56. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлерге натыйжалуулук коэффициентин колдонууда Эмгекке катыштык коэффициенти (ЭКК) чегерилбейт.
57. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлерге индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча акы төлөөдө "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштегени үчүн" коэффициент колдонулбайт.
58. ММК фонду үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана БМСЖ саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлерге индикаторлордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча акылардын туура эсептелишине контролду камсыздайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2018-жылдын 1-октябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилге 157500000 (жүз элүү жети миллион беш жүз миң) сом, 2019-жылы - 630000000 (алты жүз отуз миллион) сом бөлүп берсин;
- кийинки жылдарга тийиштүү каражаттарды караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- бир жуманын ичинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарындагы жалпы практикадагы дарыгерлердин иштерин баалоонун натыйжаларынын критерийлерин (индикаторлорун) иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин бекитүүдө кийинки жылдарга карата каражаттарды караштырсын;
- баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б буйругуна ылайык "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоорун ишке ашырып жаткан Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыздасын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом 2018-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен…Положение · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 182 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 23.01.2019 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б "Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык…Распоряжение · 17.01.2017 · № 10-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 182 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен…Положение · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөЗакон · 27.12.2017 · № 216(21)