Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 23-ноябры № 770 "Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С. Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене. Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишим ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө россия тарапка кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 770 токтому менен жактырылган
Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишим Тараптардын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскерлерин, аскердик түзүлүштөрүн, укук коргоо органдарын, атайын кызматтарын жана аскерлердин (күчтөрдүн) региондук топторун куралдардын жогорку натыйжалуу жана келечектүү системалары менен жабдуу жана жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүү максатында түзүлгөн. Жогоруда аталган Келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Келишим кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 241-б буйругу менен жактырылган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Келишим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет. Келишимди ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарды талап кылбайт, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, финансылык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт. "Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди (мындан ары - Келишим) ратификациялоо максатында ушул Мыйзам долбоору иштелип чыкты. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык аскердик жаатта кызматташууну белгилөө тууралуу жана жамааттын коопсуздук жөнүндө эл аралык келишимдер ратификациялоого жатат. Бул долбоор аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган. Келишимди ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты төмөнкүлөр боюнча жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет:
- мамлекеттердин улуттук куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыктарындагы аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү механизмин өнүктүрүү;
- улуттук куралдуу күчтөрдү аскердик техникалардын жана куралдардын келечектүү үлгүлөрү менен жабдууну узак мөөнөткө пландоо системасын түзүү;
- тараптардын куралдуу күчтөрүн, аскердик түзүлүштөрүн жана атайын кызматтарын куралдардын жогорку натыйжалуу жана келечектүү системалары менен жабдуу жана жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүү;
- тараптардын коргоо өнөр жай комплексинин ишканаларынын ишинин оперативдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу.
Ошондой эле, бул Келишимди ратификациялоо эки тараптуу аскердик кызматташтыкты жогорку сапаттуу деңгээлге көтөрүүгө, коргоо өнөр жайынын ишканаларына биргелешип иштөө үчүн шарттарды түзүүгө, коюлган маселелерди чечүү үчүн Куралдуу Күчтөрдүн потенциалын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кол коюлганга чейин Келишимдин долбоору кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 241-б буйругу менен жактырылган. Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгына алып келбейт. Берилген Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт. Бул Мыйзам долбоору жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү жана коомдук талкуулоону талап кылбайт, анткени жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын карабайт, ошондой эле ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес. Иш-чараларды финансылык камсыздоо, ар бир учурларда тарап мамлекеттердин улуттук мыйзамдары менен каралган акча каражаттарынын чегинде, тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча жүзөгө ашырылат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн эске алып, аскердик жана аскердик багыттагы техникаларды өз ара жеткирүү процедураларын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети ушул Мыйзам долбоорун кароого киргизет.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник
М.Касымкулова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-декабрындагы № 2069-VI "2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын…Постановление · 07.12.2017 · № 2069-VI
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2082-VI "2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы…Постановление · 13.12.2017 · № 2082-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 2125-VI "2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын…Постановление · 21.12.2017 · № 2125-VI
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 241-б (Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимдин…Распоряжение · 19.06.2017 · № 241-р
- 2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди…Закон · 19.01.2018 · № 8
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 714 "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы…Постановление · 30.10.2017 · № 714 · Күчүн жоготкон