Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча каражаттар жѳнγндѳ) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 5-июну № 242-б (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык) 2011-жылы болгон табигый кырсыктан жапа чеккен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын калкына жардам жана социалдык колдоо көрсөтүү жана социалдык турак-жай куруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына 45 батирлүү турак үй курууга курулуш иштеринин долбоордук наркында көрсөтүлгөн суммада кредит берсин;
- белгиленген тартипте "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасы менен кредитти кайтарып берүү боюнча төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:
кредитти төлөө мөөнөтү - ар квартал сайын бирдей төлөмдөр менен турак үй эксплуатацияга киргизилген күндөн тартып 15 жыл;"; (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык) кредит күрөөлүк камсыздоо менен пайызсыз; айыптык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз; карыздарды тындыруунун башталышы - турак үй эксплуатацияга киргизген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин;". (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б буйругунун редакциясына ылайык)
- курулуш иштеринин долбоордук наркында аныкталган каражаттарды карап, "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 45 батирлүү турак үйдү куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
- жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине курулуш иштеринин долбоордук наркынын суммасын көрсөтүү менен кредит алууга өтүнмө берүү;
- бардык тышкы коммуникациялары менен турак үйдү эксплуатацияга киргизүүнү камсыз кылуу;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык кредиттин кайтарылып берилишин камсыз кылуу.
3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэриясына "Кадамжай өндүрүштүк-эксплуатациялык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына бөлүнүүчү кредитти максаттуу пайдаланууга жана жоюуга контролду камсыз кылуу сунушталсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б (Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын калкына социалдык турак жайдын курулушун аягына чыгаруу түрүндө жардам…Распоряжение · 15.10.2019 · № 387-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3413-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык…Постановление · 05.12.2019 · № 3413-VI
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 16-августундагы № 370-б (Кредиттик каражаттарды бѳлγп берγγ жѳнγндѳ) буйругуРаспоряжение · 16.08.2016 · № 370-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3395-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 3395-VI
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б (Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын калкына социалдык турак жайдын курулушун аягына чыгаруу түрүндө жардам…Распоряжение · 15.10.2019 · № 387-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176