Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 „Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн „Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы“ жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-февралы № 100 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга (1 жана 2-тиркемелер) ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары мөөнөтүн узартуу укугу менен 49 жыл мөөнөткө, "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун салымы катары Макулдашуунун бүткүл колдонулуу мөөнөтүнө берилсин.";
- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунан алынган акциялары түрүндө "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун түшкөн кирешесине дивидендди эсептебесин.";
- 7-пунктундагы "5" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык…Постановление · 08.02.2013 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 181-б (Аксай акиташ кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибин жана жеңүүчүнү…Распоряжение · 22.04.2016 · № 181-р
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2004 года №142 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в законы Кыргызской Республики "О государственной…Постановление · 11.03.2004 · № 142 · Күчүн жоготкон