Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» ПУ №151 Указы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү
2001-жылдын 2-майы ПУ N 151
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча
чаралар жөнүндө
Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүүлүгүн
жана демилгесин, микроаймактардын калкынын күндөлүк турмуштук
маселелерин чечүүдө алардын ролун, өз алдынчалуулугун жана
жоопкерчилигин жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ар
тараптан жакшыртуу жана өркүндөтүү Кыргыз Республикасында жергиликтүү
өз алдынча башкарууну реформалоонун жањы этабынын негизги багыттарынын
бири деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Президентине караштуу жергиликтүү өз алдынча
башкарууну реформалоону колдоо боюнча Комиссиянын, Кыргыз
Республикасынын жергиликтүү жаматтарынын Конгрессинин сунуштарын карап
чыксын жана төмөнкүдөй жоболорду кабыл алсын:
– Кыргыз Республикасындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө;
– аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен милдеттүү
түрдө алдын ала макулдашылуучу аймактарды өнүктүрүү маселелеринин
тизмесин бекитүү жөнүндө;
– аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери
менен активисттеринин материалдык жана моралдык кызыгуусун жогорулатуу
боюнча чаралар жөнүндө.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик
администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын
башчылары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин
натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
органдарынын кызматкерлери менен активисттеринин материалдык жана
моралдык кызыгуусун стимулдаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын.
4. Жергиликтүү бийлик органдарынын иш практикасына аймактык
коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыгын чыгаруу
менен алардын активисттеринин жана кызматкерлеринин ар жылдык
чогулуштарын өткөрүү киргизилсин.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Государственная программа комплексного социально-экономического развития города Ош на 2001-2010 годыПрограмма · 29.06.2001 · № 303
- Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2014-жылдын 8-июлундагы № 01-05/111 “Джумагулов Апас Джумагуловичке «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 08.07.2014 · № 01-05/111
- Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-декабрындагы № 01-01/68 "Жаңы жылдык «Балаты» майрамына карата аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө"…Постановление · 27.12.2013 · № 01-01/68
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 625 "Об утверждении положений, регламентирующих деятельность органов территориального общественного самоуправления в…Постановление · 10.10.2001 · № 625 · Күчүн жоготкон
- Государственная Програма комплексного социально-экономического развития города Ош на 2001-2010 годы ( Утверждена Указом Президента Кыргызской Республики от 17 июля 2001 года N 225)Программа · 17.07.2001 · № 225 · Күчүн жоготкон
- Положение о мерах по повышению материальной и моральной заинтересованности работников и активистов органов территориального общественного самоуправления (Утверждено…Положение · 10.10.2001 · № 625 · Күчүн жоготкон