Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Жаңы жылдык «Балаты» майрамына карата аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2013-жылдын 27-декабры № 01-01/68 Жаңы жылдык «Балаты» майрамына карата аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, квартал башчыларын, аксакалдар сотунун мүчөлөрүн, аялдар комитетин, шаардык Кеңештин депутаттарын 2014-жаңы жылдык «Балаты» майрамына карата, акчалай сыйлыктарды берүүнү карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 151 Указынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана активистерин материалдык жана моралдык таламдарын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтомунун ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук иштерде активтүү катышкан, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин материалдык жана моралдык таламдарын жогорулатуу максатында, Улуу Ата Мекендик согуштун төрт катышуучусуна 2000(эки миң) сомдон, жети квартал башчысына 1000(бир миң) сомдон, аялдар комитетинин ар бир мүчөсүн 1000(бир миң) сомдон, аксакалдар сотунун беш мүчөсүнө 1000(бир миң) сомдон жалпысы болуп 28 000(жыйырма сегиз миң) сом акчалай сыйлык менен сыйлансын.
2. Коомдук пайдалуу иштерди, кайрымдуулук иш-аракеттерди аткарууда активдитүү катышкан, демөөрчүлүктө жана шаардын социалдык-экономикасына кошкон зор салымы үчүн, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Ата Журт» фракциясынын депутаты Токтосунов Жолборсбек, «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Назаров Данияр, «Ата Мекен» фракцияснан депутат Нуркамилова Айгүл, «КСДП» фракциясынан депутат Арстанбаева Касиет, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Усубалиев Абдинасир, эки аппарат кызматкерин 1000(бир миң) сомдон жана жеке ишкер Камбарова Гулбара1000(бир миң) сомдон жалпысы болуп 8000(сегиз миң) сом акчалай сыйлык жана шаардык Кеңештин «Ардак грамотасы» менен сыйлансын
3. Сыйлоого кеткен 36 000(отуз алты миң) сом акча каражатын, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин түрдүү чыгымдар эсебинен камсыз кылып берүү, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары
А.М.Нусупбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 625 "Об утверждении положений, регламентирующих деятельность органов территориального общественного самоуправления в…Постановление · 10.10.2001 · № 625 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майынан "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча…Указ · 02.05.2001 · № 151 · Күчүн жоготкон