Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 3 октября 2024 года № 609-р (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-10-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 1-февралы № 35-б Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 3-1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын жарымынан кем эмеси кеңеш берүүчү добуш укугу менен жарандык коомдоштуктун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден турат.";
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин системалаштыруу жана түзүү максатында түзүлгөн, туруктуу негизде иш алып барган консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги) жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги) жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар камсыз кылышат.";
4-пункттун алтынчы абзацы "стандарттарын" деген сөздөн кийин "жана административдик регламенттерди" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме "Тиркеме Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Момуналиев Нурханбек Сакенович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Новицкий Николай Иванович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Бакиров Жетиген Жокинович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Курманова Айдай Эркиновна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кутуева Айбермет Бектуровна
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Азимов Алмаз Курбаналиевич
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Халитов Михаил Гилфанович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Тарбинский Олег Станиславович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 03.10.2024 · № 609-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия боюнча)…Распоряжение · 31.05.2011 · № 191-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2012 · № 603
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 03.10.2024 · № 609-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия боюнча)…Распоряжение · 31.05.2011 · № 191-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2011 · № 129 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана…Распоряжение · 22.07.2014 · № 287-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системага…Положение · 31.03.2011 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон