Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламентин бекитүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 16 января 2018 года № 26 "О порядке разработки и оптимизации административных регламентов государственных и муниципальных услуг"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-01-16.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 22-июлу № 287-б (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу администрациялык-башкаруу жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу, ылайыкташтыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: 1 .Тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламенти;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентин иштеп чыгууда мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу ашыкча жол-жоболорду (иш-аракеттерди) оптималдаштыруу жана жоюу жөнүндө маселени карап чыксын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттеринин иштелип чыккан долбоорлору жөнүндө ай сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчет берсин;
- ай сайын муниципалдык кызматтардын административдик регламенттеринин иштелип чыккан долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине отчет берип турсун;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин ишке киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитип берүүсүнө жараша камсыздасын;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн маалымдоону жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентинин мазмунуна карата, анын ичинде веб-сайтта жайгаштыруу аркылуу жеткиликтүүлүгүн камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентин иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтсүн;
- администрациялык регламенттердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна белгиленген тартипте киргизүүнү уюштурсун.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 22.07.2014 · № 287-р
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИПТҮҮ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК РЕГЛАМЕНТИРегламент · 22.07.2014 · № 287-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" Программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга…Постановление · 30.01.2017 · № 53 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы №287-р буйругуРаспоряжение · 22.07.2015 · № 287
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтомуПостановление · 16.01.2018 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы N 287-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 30.07.2015 · № 360-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 35-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 01.02.2016 · № 35-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 252-б Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 16.07.2018 · № 252-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия боюнча)…Распоряжение · 31.05.2011 · № 191-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы N 287-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 30.07.2015 · № 360-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.