Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 3 октября 2024 года № 609-р (О признании утратившими силу некоторых распоряжений Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-10-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 16-июлу № 252-б "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун экинчи абзацында:
"аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобону" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "аткаруу бийлигинин органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө жана санда "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме "Тиркеме Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кызмат орундары боюнча: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин мамлекеттик кызмат маселесин тейлөөчү орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармасынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Жекече (макулдашуу боюнча):
Сатыбекова Айжан Эркиновна
-
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү эксперт;
Капарова Айнура Акимжановна
-
көз карандысыз эксперт;
Третьяков Александр Викторович
-
көз карандысыз эксперт;
Балтагулов Жалалбек Төрөгелдиевич
көз карандысыз эксперт;
Коак Александр Николаевич
-
"Коомдук технологиялар борбору" мекемесинин эксперти;
Абдимиталипова Чолпон Абдимиталиповна
-
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин өкүлү;
Слепченко Наталья Сергеевна
-
Регионалистика жана өнүктүрүү борборунун директору;
Чекиров Асылбек Асаналиевич
-
көз карандысыз эксперт;
Шаршеева Аида Шеримбековна
-
"Digital casa" долбоорунун менеджери;
Алдакулова Бүбүсара Турдалиевна
-
көз карандысыз эксперт;
Ускенбаева Гүлнара Тураровна
-
Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти;
Булатова Юлия Нарыновна
-
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын юристи.
Эскертүү. Кызмат орду боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими же ошол мамлекеттик органдын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 03.10.2024 · № 609-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия боюнча)…Распоряжение · 31.05.2011 · № 191-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 03.10.2024 · № 609-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмесин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия боюнча)…Распоряжение · 31.05.2011 · № 191-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо жана…Распоряжение · 22.07.2014 · № 287-р · Күчүн жоготкон