Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 3-июну № 203-б "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишин текшерүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Сапарбаев К.С. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык комиссиянын терагасы; Урустемов А.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын биринчи башкармалыгынын биринчи бөлүмүнүн начальниги; Муканбетов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объекттерди өнүктүрүү жана менчиктештирүү башкармалыгынын начальниги; Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары; Эшназаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин статс-катчысы; Момошев К.М. - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун нефтегаз казуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Тотонов М.С. - Жалал-Абад мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн башчысы.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө 2008-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-июнуна чейинки мезгил үчүн "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык ишине текшерүү жүргүзсүн жана анын жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө төмөнкүлөргө укук берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматты сурап алууга.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Н.С.Момуналиевге жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 387-б («Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун финансы-чарбалык ишин ревизиялоонун жыйынтыгы боюнча) буйругуРаспоряжение · 05.09.2011 · № 387-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р