Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин (2011-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карала турган негизги маселелердин тизмесин бекитүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2011-жылдын 13-июлу № 359
1. 2011-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карала турган негизги маселелердин тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карала турган маселелер аларды кароо белгиленген күнгө чейин 14 (он төрт) күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (демилгечилердин) жетекчилери тарабынан берилери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карала турган маселелерди даярдоо жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (демилгечилердин) жетекчилери алардын сапатына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өз убагында берүүгө жеке жоопкерчилик тартаары.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана жыйындарды уюштуруучулук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы № 359 буйругу менен бекитилген
2011-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
жыйындарында карала турган негизги маселелердин
тизмеси
№
Маселелердин аталышы
Маселени даярдоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган
Докладчы
Эскертүү
29-июль
1.
1-жарым жылдык үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри
Экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү
2.
2011-жылга «Экономика жана коопсуздук» иш-чаралар планын ишке ашыруунун 1-жарым жылдыгындагы жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри
Экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү, тышкы саясат бөлүмү
26-август
1.
МИКС системасын жана электрондук документ жүргүзүү системасын киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
Транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
2.
«2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикаеынын Мыйзамы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Кыргыз Республикасынын финансы министри
Финансы жана кредиттик саясат бөлүмү
3.
2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору
Укуктук камсыздоо бөлүмү
4.
2012- жаңы окуу жылына билим берүү мекемелеринин даярдыгы
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри
Билим берүү жана маданият бөлүмү
5.
Республиканын экономика тармактарын жана калкын 2011-2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
Кыргыз Республикасынын энергетика министри
Отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмү
30-сентябрь
1.
Цифралык телекөрсөтүүнүн социалдык пакетине киргизүү үчүн социалдык жактан маанилүү телекөрсөтүү жана радиопрограммаларды аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
Транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
2.
2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
Транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
3.
2012-2015-жылдарга турак жай курулушунун улуттук программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору
Транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
4.
Өлкөнүн түштүк региондорун экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун кароо жана бекитүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги №125-6 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси
Региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү
5.
Дан өсүмдүктөрүн жыйноонун жыйынтыгы жана жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри
Агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү
6.
2012-2014-жылдарга орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
Кыргыз Республикасынын энергетика министри
Отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмү
28-октябрь
1.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 9 ай үчүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри
Экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү
2.
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарды мамлекеттик колдоо системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара жанындагы, анклавдык жана эксклавдык зоналарында жашаган жана иштеген адамдарды колдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №184-б буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссия
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы
Региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү
3.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелер тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системага салынган реестрин (тизмесин) бекитүү жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы принциптери жана тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри
Мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү
4.
Республиканын экономика тармактарынын жана калкынын 2011-2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
Кыргыз Республикасынын энергетика министри
Отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмү
5.
Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча энерго-компаниялардын ар айлык отчеттуулук формасын өркүндөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
Кыргыз Республикасынын энергетика министри
Отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар «бөлүмү
25-ноябрь
1.
Ош шаарынын Негизги планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору
Транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
2.
«Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Кыргыз Республикасынын финансы министри
Финансы жана кредиттик саясат бөлүмү
3.
2011-жылга Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иш-чаралар планын аткаруу боюнча жыйынтыктарды чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри
Экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү
30-декабрь
1.
Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо иш-чараларын өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри
Транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
2.
Кыргыз Республикасынын жаңы Мамлекеттик региондук саясат концепциясынын жана региондук өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароо жана бекитүү
Ведомстволор аралык комиссия түзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы
Региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.04.2012 · № 41
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 184-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 25.05.2011 · № 184-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 125-б (Өлкөнүн түштүк регионун экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү) буйругуРаспоряжение · 21.04.2011 · № 125-р · Күчүн жоготкон