Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 4 июля 2012 года № 319-р (О создании межведомственной комиссии)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-07-04.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 319-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2011-жылдын 25-майы № 184-б Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштеген жана жашаган адамдарды мамлекеттик колдоо системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара жанындагы, анклавдык жана эксклавдык зоналарында жашаган жана иштеген адамдарды колдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти.
2. Ведомстволор аралык комиссия 3 айлык мөөнөттө бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдарды мамлекеттик колдоо системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара жанындагы, анклавдык жана эксклавдык зоналарында жашаган жана иштеген адамдарды колдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча макулдашылган сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгондо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг жана социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 13-июлундагы № 359 (2011-жылдын II жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында карала турган негизги маселелердин тизмесин…Распоряжение · 13.07.2011 · № 359
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 319-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 04.07.2012 · № 319-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 319-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 04.07.2012 · № 319-р · Күчүн жоготкон