Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2017-жылдын 6, 10, 13, 14, 16-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-февралы № 48 2017-жылдын 6, 10, 13, 14, 16-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 27-январындагы № 19, 30-январындагы № 25, 2-февралындагы № 29 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэри, Түп районунун Михайловка, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Дөбө, Ноокен районунун Арал, Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик жана Жалпак-Таш, Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2017-жылдын 6, 10, 13, 14, 16-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Ысык-Көл, Түп, Токтогул, Ноокен, Өзгөн жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеде көрсөтүлгөн 2017-жылдын 6, 10, 13, 14, 16-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 48 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын 2017-жылдын 6, 10, 13, 14, 16-февралында шайланган башчыларынын тизмеси
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж.
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району
1
Чолпон-Ата шаарынын мэриясы
Саралаев Карыбек Алаңбаевич
2017-жылдын 16-февралы
Түп району
2
Михайловка айыл өкмөтү
Асакеев Алманбет Иманович
2017-жылдын 13-февралы
Жалал-Абад облусу Токтогул району
3
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү
Чороев Илиязбек Каланбаевич
2017-жылдын 6-февралы
Ноокен району
4
Арал айыл өкмөтү
Мамадалиев Болотбек Омошович
2017-жылдын 14-февралы
Ош облусу Өзгөн району
5
Салам-Алик айыл өкмөтү
Инашов Эдилбек Султанбекович
2017-жылдын 10-февралы
6
Жалпак-Таш айыл өкмөтү
Эралиев Кутманбек Арзиевич
2017-жылдын 13-февралы
Чүй облусу Чүй району
7
Кегети айыл өкмөтү
Джунушалиев Руслан Алмасбекович
2017-жылдын 16-февралы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 27.01.2017 · № 19
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-февралындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 02.02.2017 · № 29
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 30.01.2017 · № 25