Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-январы № 25 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жана "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы № 25 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын аталышы
Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы
Шайлоо өтпөй калгандыгына себеп
Кайра шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы
Эскертме
Жалал-Абад облусу
Аксы району
1
Жаңы-Жол айыл өкмөтү
2017-жылдын 27-январына, саат 15.00дөн 18.00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 8-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Базар-Коргон району
2
Базар-Коргон айыл өкмөтү
2017-жылдын 30-январына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 8-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Ош облусу
Өзгөн району
3
Жалпак-Таш айыл өкмөтү
2017-жылдын 26-январына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 13-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Чүй облусу
Москва району
4
Тюлекский айыл өкмөтү
2017-жылдын 27-январына, саат 15.00дөн 18.00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 8-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Жайыл району
5
Кара-Балта шаары
2017-жылдын 30-январына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 8-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Панфилов району
6
Кураминский айыл өкмөтү
2017-жылдын 28-январына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 8-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Ысык-Ата району
7
Кант шаары
2017-жылдын 28-январына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 8-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Талас облусу
Бакай-Ата району
8
Бакай-Ата айыл өкмөтү
2017-жылдын 28-январына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 13-февралына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы № 40 "2017-жылдын 23, 24, 25, 26, 27, 30, 31-январында жана 1, 2, 3, 4, 6, 8, 9…Постановление · 13.02.2017 · № 40
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 58 "2017-жылдын 2, 13, 14, 16, 20-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.02.2017 · № 58
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 48 "2017-жылдын 6, 10, 13, 14, 16-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.02.2017 · № 48