Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 2-февралы № 29 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2017-жылдын 26-январындагы № 10 буйругу менен Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.И.Сушанло, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган. Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы 2017-жылдын 27-январында өткөрүлгөн. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн, Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөтүнүн, Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн, Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн, Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо, депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жана "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка жана Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 20-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-февралындагы № 29 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын аталышы
Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы
Шайлоо өтпөй калгандыгына себеп
Кайра шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы
Эскертме
Жалал-Абад облусу
1
Таш-Көмүр шаары
2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району
2
Чолпон-Ата шаары
2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Нарын облусу Ак-Талаа району
3
Кара-Ой айыл өкмөтү
2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Ат-Башы району
4
Кара-Коюн айыл өкмөтү
2017-жылдын 1-февралына, саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Чүй облусу Москва району
5
Беловодск айыл өкмөтү
2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 16-февралына, саат 15-00дөн 18-00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Кемин району
6
Кемин шаары
2017-жылдын 1-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
Ысык-Ата району
7
Ак-Кудук айыл өкмөтү
2017-жылдын 1-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
8
Интернационал айыл өкмөтү
2017-жылдын 2-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Чүй району
9
Бурана айыл өкмөтү
2017-жылдын 2-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча
10
Кегети айыл өкмөтү
2017-жылдын 2-февралына, саат 15-00дөн 18-00гө чейин
Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Ош облусу Кара-Суу району
11
Шарк айыл өкмөтү
2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок
2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин
жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-февралындагы № 39 "Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо…Постановление · 13.02.2017 · № 39
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 27 февраля 2017 года № 55 "О назначении повторных выборов главы Шаркского айыл окмоту Кара-Суйского…Постановление · 27.02.2017 · № 55
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү бюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 45 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу…Постановление · 16.02.2017 · № 45
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 48 "2017-жылдын 6, 10, 13, 14, 16-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.02.2017 · № 48
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания мэра города (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон