КР Убактылуу Өкмөтүнүн УӨ № 504 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 25-июну УӨ № 504 Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын материалдык-техникалык камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында абалды оңдоо боюнча иш-чараларды камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 68058100 (алтымыш сегиз миллион элүү сегиз миң жүз) сом суммасында акча каражаты бөлүнсүн, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - 39904600 (отуз тогуз миллион тогуз жүз төрт миң алты жүз) сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына - 28153500 (жыйырма сегиз миллион жүз элүү үч миң беш жүз) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012- жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы бөлүнгөн акча каражаттын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздашсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19