КР Өкмөтүнүн («Кыргызгаз» ачык акционердик коомуна карызды тындыруу боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 18-июлу № 391-б Республиканы жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен республикалык бюджеттин ортосундагы өз ара эсептешүүнү турукташтыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2008-жылы калкка сатылган жаратылыш газынын баасын мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна 10490 (он миллион төрт жүз токсон) миң сом суммасындагы карызды тындыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды тапсын;
- 2008-жылы калкка сатылган жаратылыш газынын баасын мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна карызды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы № 699-б буйругуна ылайык алынган "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун бюджеттик ссуда боюнча карызын азайтуу жолу менен тындырууга уруксат берилсин;
- ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарынан келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабры № 699-б (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 29.12.2008 · № 699
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12