Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бюджеттик ссуда берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 29-декабры № 699-б "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканы табигый газ менен үзгүлтүксүз камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй шарттарда 200 млн. сом суммада бюджеттик ссуда берсин:
ссуданы жоюу мөөнөтү - өздөштүрүү башталган учурдан тартып 2009-жылдын 31-декабрына чейин; ссуданы пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 3 процент; жоюунун мезгилдүүлүгү - ай сайын;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздап Бюджеттик ссуданы төлөөнүн шарттары боюнча карыздык милдеттенмени белгиленген тартипте түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Карыздык милдеттенмеге кол коюлган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Карыздык милдеттенменин күрөөлүк камсыздалышын тариздөө үчүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн бардык зарыл документтерди тапшыруу;
- ачык акционердик коомдун тийиштүү башкаруу органынын мүлктү белгиленген тартипте күрөөгө берүү жөнүндө чечимин тапшыруу;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданын кошулган проценттери менен Карыздык милдеттенмени жоюу графигине катуу ылайык кайра төлөнүшүн камсыздоо.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-июлундагы № 391-б ("Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна карызды тындыруу боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.07.2009 · № 391-р
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23